ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей 24-июль күнү “Монте Карло” эс алуу борборунун ээси И. Мамазаиров милицияга арыз менен кайрылган. И. Мамазаировдун айтымында Ж. Амантаев башында турган эки белгисиз адам аны жыйырма миң АКШ доллар берүүгө мажбурлаган. Тайбокс жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Жанбулат Амантаев беш миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. “Жана ошондой эле Амантаев айдап келген БМВ-525 маркасындагы автоунаасын тинтүү учурунда, машинеден он алты каллибириндеги кесилген мылтык жана “ТТ” тапанчасына тийиштүү алты ок табылды”- дейт ИИМ. Учурда Ж. Амантаев Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында отурат. (ESu)