Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

«ЖЕТИГЕН» ФОЛЬКЛОРДУК АНСАМБЛИ БОЛГАРИЯДАГЫ ФЕСТИВАЛДА БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ


Бишкектеги №7 балдар музыкалык мектебинин алдында түзүлгөн “Жетиген” фольклордун ансамбли Болгарияда өткөн eвропалык жаштардын фольклор фестивалына катышып, баш байгени жеңип келди.

Аталган фестивалга Польша, Хорватия, Израил, Румыния, Сербия жана башка бир катар өлкөлөрдүн чыгармачыл жаматтары келишкен. Катышуучулардын көпчүлүгүн бий жамааттары түзгөн. Ал эми Кыргызстандан барган “Жетиген” ансамбли комуз, темир комуз, чоор, чопо таяк, добулбас сыяктуу аспаптардын коштоосунда жарым сааттык концерт беришкен.

№7 балдар музыкалык мектебинин жетекчиси Айзада Маматаипованын айтымында фестивалдын көрүүчүлөрү “Жетиген” ансамблинин аткарган күүлөрүн кызыгуу менен угушуп, жакшы бааларын беришкен. Фестивалдын жыйынтыгында калыстар тобу салттык улуттук аспаптарды, музыканы сактап, өркүндөткөнүн жогору баалап, баш байгени ыйгарышкан.

Мындан тышкары фестивалды уюштуруучулар ансамблдин көркөм жетекчилерине “Маэстро академик” деген наам ыйгарышкан. Жана келерки жылы да өтө турган фестивалга жолдомо беришкен.

Кыргыз өнөрпоздору концерттик программасын фестивалдан тышкары Болгарияннын бир катар шаарларында көрсөтүшкөн. Ошондой эле болгар элинин бир ансамбли менен жолугушуу кечесин уюштурушкан.

-Анда биз аларга күүлөрүбүздү аткарып бердик, жооп кылып болгар өнөрпоздору бизге өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алар улуттук аспаптарды сахнада көрүп эле кызыгып тим болбостон, жаныбызга да келип, кармап көрүшүп, аны ойногонго аракеттеништи- дейт “Жетиген” фольклордун ансамблинин солисти Алина Жанболот кызы.

Кыргыз өнөрпоздору концерт берүү менен, өлкөнүн шаарларын, тарыхый жана маданий жайларын кыдырышкан. “Жетиген” фольклордун ансамбли буга чейин да бир катар өлкөлөрдө болушуп, өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Ал эми сентябрь айында Москвада өтүүчү фольклордук фестивалга сапар алышат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG