Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:30

13:05 А. Мамасалиев Акыйкатчыны сотко бере албайт


Эки күн мурун “Атуулдук платформа” коомдук уюмунун лидери Алишер Мамасалиев маалымат жыйын өткөрүп, “Кыргыз Республикасынын омбудсмени Турсунбай Бакир уулу менин беделиме шек келтирген жалган жалаа жапкандыгы үчүн, эки күндүн ичинде расмий түрдө кечирим сурабаса сотко берем”,- деген эле. Бүгүн ошол берилген мөөнөт бүттү. Жаш лидердге мындан кийинки кадамдары кандай болот деген сурообуз менен кайрылганыбызда ал "Мыйзам боюнча акыйкатчынын кол тийбестик укугу бар экен, андыктан аны сотко тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Ошол себептен бүгүн менин адвокатым Турсунбай Бакир уулуга айткандарын документалдуу түрдө далилдеп берсин деген кат жолдоду. Мындай кадам менен биз акыйкатчыга бул ишти тынчтык жолу менен бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Эмнеси болсо да мен бул ишти аягына чейин алып барам”,- деди Алишер Мамасалиев. Эскерте кетсек бул пикир келишпестик Турсунбай Бакир уулунун Алишер Мамасалиевди чет элдик атайы кызматтарга иштейт деген айыптоосунан улам келип чыккан. (ESu)

 

XS
SM
MD
LG