Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:11

14:20 “Түгөлбай ата” коомунун лауреаттарынын ысымы аталды


“Түгөлбай ата” эл аралык коому коомдук турмуш, маданият тармагында алгылыктуу иштерди жасап келаткан чыгаан инсандарга жыл сайын Эгемендик майрамына карата өзүнүн сыйлыгын берип келет. Жакында эле аталган коом өз мааракесине жана Кыргызстандын Эгемендик майрамына карата өзүнүн лауреаттарынын ысымын атады. Алар:
- Мамлекеттик жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоого, маданий жана достук байланыштарды өркүндөтүүгө, кыргыз маданияты жана искуссвонун өнүгүшүнө кошкон зор Салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев;
- Кыргыз Маданиятына, адабиятына, улуттар аралык маданий байланыштарды чыңдоого, кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн адабиятчы, коомдук ишмер, профессор маркум Салижан Жигитов;
- Кыргыз Маданиятына, адабиятына, улуттар аралык маданий байланыштарды чыңдоого, кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков. (ESu)

XS
SM
MD
LG