Рейддин натыйжасында бир топ коомдук тамактануу, соода-сатык жайлары, киосктор жабылды. Бул туралуу шаардык мэриянын маалымат катчысы Данияр Шабданов билдирди. Анын айтымында, шаарда отуз сегиз азык-түлүк базары бар, анын бешөө ири деп саналат. “Маселен, Ош базарды текшерүү учурунда эле отуз сегиз азык түлүк менен соода кылган жана жыйырма эки мыйзамсыз жайлардын иштөөсү токтотулду, Дордойдо да канчалаган жайлар жабылды. Мунун себеби бул жайлардын абалы санитардык нормага дал бербейт”- деп белгиледи Шабданов. Рейддин жыйынтыгы боюнча кырк жети базардын ээлерине элүү бир миң сомдой айып-пул салынып, санитардык нормага туура келбеген обьектилерди жабуу боюнча жүз жыйырма тогуз токтом кабыл алынган. (ESu)