Каунтерпарт Интернэшнлдин коомдук жана гуманитардык жардам берүү программасы Бишкектин жана Чүй облусунун калктын жакыр жашаган катмарына жардам берүүдө. 110 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү кийим-кечек карыларга, жетим балдарга, Улуу Атамекендик согуштун, эмгектин, Ооган согушунун ардагерлерине, Чернобылда жабыр тарткандарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилет.