УТРКнын башкы директорунун орун басары Бейшенбек Бекешов, мамлекеттик катчы А.Мадумаровдун айткандары өтө маанилүү экендигин, иштелип чыккан идеологияда баалуу нерселер жазылганын айтты. Анын аркасынан сөз алышкан Жогорку окуу жайлардын жетекчилери да мамлекеттик катчынын айткандарына кошула тургандыктарын бир ооздон билдиришип, эми аны элге жайылтуу маселеси турганына токтолушту.
Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу институтунун директору Сабыр Иптаровдун айтымында, улуттун кызыкчылыгын, мүдөөсүн көздөгөн кандайдыр бир документтин пайда болушу колго аларлык нерсе. Бирок идеологияны иштеп чыккан топтун багыты башынан кыйла туура эмес кеткен. Анын ырасташынча, кала берсе “Биригүү аркылуу өнүгүү” деген ураандын өзү туура эмесирээк болуп калган. Ошондой эле ал, кыргыз эч качан идеология деп айтпаганын, кыргызга идеология эмес - мүдөө керектигин, максат керектигин, “Биригүү аркылуу өнүгүү” деген сөздө коомго багытталган баалуу мүдөө эмес, саясий көз караш басымдуулук кылаарын, эл эч качан бөлүнбөй-этпей эле кудаа-сөөк, тууган-урук болуп жашап келатканын, элди ошол саясатчылар бөлүп салганын кеп кылды.
Ал эми жаш экономист Талант Кемеловдун пикиринде, миллиондогон акча коротуп бийик сөздөр жазылган идеология иштеп чыгуунун ордуна, саясатчылар жана бийлик өкүлдөрү оболу өздөрү өрнөк болуп, жүрүм-турумун, жасаган иштерин оңдоп, туура саясат жүргүзүүлөрү керек болчу. Анын пикиринде, прагматикалык көз караштагы, дүйнөдөгү өнүгүү процесстери менен жакшы тааныштыгы бар, эски, тамтыгы чыккан адаттардан, көнүмүштөрдөн арылган, жаңы муундун өкүлдөрү келмейинче, кандай идеология иштелип чыкса да натыйжасы аз болот.