Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:51

ЖЕТИ ДЕПУТАТ ЖЫПАРГҮЛ АРЫКОВА ҮЧҮН КЕПИЛДИК БЕРДИ


Маектешкен Төрөкул Дооров «Тыңчылык» окуясы боюнча коопсуздук комитети тарабынан айыпталып камакта отурган Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн Жогорку Кеңештин жети депутаты кепил болууга макулдук берди. Жыпаргүл Арыкованын таламын талашып келаткан депутат Рахатбек Ирсалиев «Азаттыкка» тыңчылык окуясы боюнча өзүнүн ой-пикирин бөлүштү.

- Тыңчылык үчүн айыпталып жаткан Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө кепил болуп беребиз деп чыгып жаткан онго жакын депутаттын арасында сиз да барсыз. Болгондо да сиз башынан эле бул демилгени колдоп, эки ирет ал документке кол койгон экенсиз. Мынчалык камкордуктун себеби эмнеде?

- Мынчалык камкордуктун себеби, биринчиден, Жыпаргүл Арыкова Жогорку Кеңештин кызматкери. Экинчиден, ал кызматкердин эне-атасы менин Кочкор шайлоо округумунун шайлоочулары болуп эсептелет, Исакеев айылынын тургундары. Жер титирөөдөн жабыркап, төртүнчү даражадагы категорияда катталып турган адамдар. Ушул күнгө алар дагы үйүнүн оңдоонун үстүндө иш алып барбай, кызынын ушундай акыбалда турганына байланыштуу мага келип эки-үч ирет жолуккандан кийин биринчи жолу июнь айында Баш прокуратурага кат жазып бердим эле. Ал эми бул жолу болсо Айжан Касымалиева деген адвокаты кайрылганына байланыштуу экинчи ирет башка депутаттар менен сүйлөшүп, абактан чыгарып, биздин жеке кепилдигибиз астында тергөө иштери жүргүзүлсө деген ойдо болуп жатабыз.

- Рахатбек мырза, азыр эгер мүмкүн болсо тактап кетсеңиз, канча депутат ошол документке кол койду? Адвокат Айжан Касымалиева 18 деп атат?

- Тагыраак айтсам, кечээ кечинде биз адвокатка бердик кагазды. Кол койгон депутаттар Эшимканов, Иманалиев, Самаков, Бекназаров, Садырбаев, Сарпашев жана мен, баарысы жети депутат.

- Бул депутаттардын кепилдик берип жатканын кандай түшүндүрөсүз?

- Мен аларга ушул сунуш менен кайрылганда, алар дагы туура көрүштү го деп ойлойм. Ушул күндөрү жүрүп аткан тергөө иштери менен, Жогорку Кеңештеги секретный материалдар деп атышпайбы, алардын бизде жоктугун билип, сезип, өздөрүнүн депутаттык жана граждандык позициясын көрсөтүп кол койду го деп ойлойм.

- Сиздердин демилге, азыр жазып, кайрылып аткан кайрылууңуздар тергөөчүлөр тарабынан угулат деп ишенесиздерби?

- Бул кагаз тергөөгө берилген жок. Бул бүгүнкү 25-июлда боло турган Бишкек шаардык сотко берилди. Сот чечет абактан убактылуу чыгаруу, же чыгарбоо жөнүндө. Биз тергөө иштерине кийлигишкен жокпуз.

- Эми сот качан ошол боюнча чечимин чыгарышы мүмкүн?

- Адвокаттын айтуусунда бүгүн 25-июлда бул иш шаардык сотто каралышы мүмкүн.

- Сиздер Арыкованын жакындары менен сүйлөшүп турасыздар, ал тууралу алар эмне деп атат?

- Жакындары менен мен акыркы жолу сүйлөшкөндө алар аң-таң болуп эле жатышкан. Жыпара Арыкованын кылмышкер же кылмышкер эмес экендиги жөнүндө так маалымат билбегендигине байланыштуу, алар деле ишенбей турушат алардын кызы ушундай ишке барарын. Жогорку Кеңештин иш кеңсесинде эч кандай жашырын материалдар бар, же жок деп айтканга болбойт. Менин билишимче эч кандай жашырын материалдар жок деп айтсак болот. Туугандары суранып, сот иши так жана акыйкат жүрсө алар кызы акталып кетерине ишенип, Кудайдан тилеп күтүп эле турушат.

- Сиз өзүңүз Жыпаргүл Арыкова күнөөлү эмес деп ишенесизби?

- Мен ойлойм эч кандай деле жашыруун материал болушу мүмкүн эмес деп. Анткени, Айжан Касымалиева деген адвокаттын ушул күнгө чейин мага берип аткан маалыматтарына караганда, ал жерде Кыргызстанда болуп аткан саясий окуялар жөнүндө маалымат бергени айтылган. Саясий окуялар өзүңүздөр билгендей бардык маалымат каражаттарында эле айтылып келип атпайбы.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG