Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

ЭМИЛ ҮМӨТАЛИЕВ: САЛЫК КОДЕКСИ - КОРРУПЦИЯНЫ КӨБӨЙТҮП ЖАТКАН МЫЙЗАМ


Президент Курманбек Бакиев кечээ ишкердикке уруксат берүү жана тескөө системасын өзгөртүү жөнүндөгү жардыкка кол койгон. Анын негизги максаты бизнесмендердин ишин толгон-токой административдик органдардын текшерүүлөрүнөн куткаруу болуп саналат. «Кыргыз концепт» ишканасынын жетекчиси Эмиль Үмөталиев мырза президенттин соңку жарлыгында козголгон маселелер боюнча «Азаттык» менен ой-пикир бөлүштү.

- Президенттин жардыгын жеке сиз ишкер катары кандай кабыл алдыңыз. Бул сиздин ишиңизди жеңилдетеби?

- Биз бул мыйзамды эл аралык тажрыйбанын негизинде изилдеп чыгып, эл аралык эксперттердин маалымдоосунан кабыл алып көп жылдан бери өтүнүп келатканбыз. Бул чараларды өткөн режимдин убактысында эле сунуш кылып, бирок ал кезде көп кишилерге, өзгөчө бийликтегилерге түшүндүрүп бере албай, алардын эркине ээ боло албай калганбыз.

Бул мыйзам жөнүндө ой негизинен 24-марттан кийин эле туулган болчу. Бирок анда бул чараларга кандайдыр бир көңүл бөлүнбөдү. Ошондуктан биз макул болмок түгүл көп жылдан бери күтүп, эңсеп келаткан чаралардын бири деп атасак болот.

- Эми азыр өзүңүз айткандай тескөө иштери боюнча системаны кайра карап чыгуу боюнча ыңкылаптан кийин сөз болгон. Ошондон бери акыркы эки жылда, бул эле эмес, жалпы эле ишкердикте кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп жатабы, Кыргызстанда бизнес кылуу акыркы мезгилде жеңилдеп калдыбы, же кыйынчылыктар барбы?

- Ушул жылдын жазында, же жайдын башындабы, текшерүүлөр боюнча кабыл алган мыйзамды ишкерликти өнүктүрүүгө салым деп атасак болот. Чынында чоң салымын кошту деп айтыш эрте, бирок кошо турган мыйзамдардан болот. Бирок андан тышкары өтө деле көп жетишкендиктерибиз жок, анткени мурдагы заманда деле айтып келаткан, биз талап кылган ойлор аткарылбай келет.

Өзгөчө салык саясаты боюнча, салык системасы, салык кодекси боюнча биз беш жылдан бери тирешип келаткан мыйзам ошол бойдон эле азыр Жогорку Кеңеште такалып калган. Анткени өкмөттүн сунуш кылган саясаты бул чакан ишкерликке каршы, дегеле элге каршы, жалаң гана бюрократиянын, же бийликти топтоп муштумуна кармап калгандардын гана ой-максатына иштей турган cаясат болуп калды деп биз айтып атабыз. Ал коррупцияны көбөйтүп аткан мыйзам. Бүгүнкү учурда турмушубузга ылайык, элге көбүрөк пайдасы тие турган саясатты жүргүзө турган салык кодексин сунуш кылып ишкерлердин атынан, өкмөттүн долбооруна каршы өткөрө албай, эки долбоор тең Жогорку Кеңеште такалып турган кез.

- Сиз азыркы жардык жөнүндө, тескөө системасы жөнүндө мурдатан эле каалап келген элек дедиңиз. Ошол эле учурда ишкердикти текшерип жаткан мамлекеттик органдар дагы, чиновниктердин айлык акысы аз экени да коррупция менен байланыштуу болуп атат. Ошондуктан айрым ишкерлер, мисалы Өмүрбек Абдрахманов бул жардыктын иштеп кетерине күмөн санап жатышат. Сиздин оюңузча, ушул документ текшерүү иштеринде коррупциянын жоюлушуна алып келеби?

- Менин эч кандай иллюзиям жок. Мен бул чаралардын пайдасы тиет, аны күткөнбүз деген себебим, анткени ар бир чаранын кичине болсо да салымы тиет. Өзгөчө элдин аң-сезиминин өзгөрүлүшүнө салымы тиет. Мындай долбоорлор пайда болгондон кийин көпчүлүк аралашып жүргөн ишкерлердин түшүнүгү көбөйөт, кайсы жерден оңдош керек, эмнени бийликтен талап кылыш керек, эмнени бийлик жасаш керек жана ошол нерсени бийликтен ошол мыйзамга таянып өтүнүшүбүз керек.

Же биз бийликти ошону аткарганга түрткү кылышыбыз керек деген түшүнүктөр, кадамдар жана индикаторлор көбөйөт деген себебим. Бирок ошол мыйзам бир заматта бардыгын өзгөртүп жиберет деген бул иллюзия. Себеби мунун артынан биз бийликтин эрки, ниети барбы ошону түшүнө билишибиз керек.

Качан жогорку бийликтин ак ниети, саясий эрки болгон кезде гана бул мыйзамдар иштей баштайт. Ага чейин бул жалаң гана көшөгө болуп калышы мүмкүн. Анын үстүнө бүгүнкү күндөгү чиновниктердин азайбай турганы бул алардын чындыгында өздөрүнө өздөрү жумуш таап туруш керек да. Алар жумушту кайдан табат, эмне менен бала-бакырасын багат, ошондуктан алардын бүгүнкү болгон ал-акыбалы өздөрүнө-өздөрү жумуш туудуруп жана башкаларды кысым кылып гана оокат кылууга түрткү кылган шарт болуп калды.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG