Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

ШКУ: БИШКЕК САММИТИНИН ГЕОСАЯСАТТАГЫ ЖАҢЫРЫГЫ КАНДАЙ БОЛОТ?


Шанхай кызматташуу уюмунун Бишкектеги саммитине аз убакыт калууда. Азыркы мезгилде саммитке кайсы президенттер келери жана кандай документтерге кол коюулары айкындалып калды. Геосаясатта бүйүр кызыта турган маселе саммитке Иран президентинин катышуусунан келип чыгууда.

16-августа боло турган саммитке Шанхай кызматташуу уюмуна кирген Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандын президенттери катышат. Андан сырткары уюмга байкоочу статусу бар Иран жана Монголиянын президенттери келет. Ал эми түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун келер-келбеси жакынкы күндөрдө айкын болмокчу. Андан сырткары келер турган коноктор тууралуу Кыргызстандын ШКУ боюнча улуттук координатору Төлөндү Макеев буларды атады:

-Сый коноктор дегендер бар. Ошолордун катарында Ооганстан президенти Карзай келет. Андан сырткары БУУнун баш катчысынын орун басары Лин Паскау келет.

Ал эми Бишкек саммитинде кол коюла турган документтер тууралуу Макеев буларды белгиледи:

-Эң негизги документ Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн ортосунда узак мөөнөттүү кошуначылык, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу болот. Экинчи чоң документ Бишкек декларациясы болот.

Шанхай кызматташуу уюму коопсуздук, соода-экономикалык багытта кызматташууга артыкчылык берерин жарыялап келатат. Уюмдун дүйнөлүк алкакта таасирлүү күчкө айланып баратканын талдоочулар такай белгилеп келет.

Батыш менен геосаясий кызыкчылыктары төп келе бербеген Кытай жана Россия бул уюмда чечүүчү таасирге ээ. Батыш менен ошондой эле тил табыша албаган Ирандын да буларга, демек Шанхай кызматташуу уюмуна жакын арада кирип калышы ыктымал болуп турат. Бул өңүттөн алганда Иран президенти Махмуд Ахмединежаддын саммитке келиши көп нерседен кабар берет. Төлөндү Макеeвдин айтымында, учурда ШКУга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуунун жол-жобосу иштелип чыгууда. Ал кабыл алынгандан кийин Ирандын уюмга кабыл алыныш толук мүмкүн:

-Албетте мүмкүн. Бирок, биздин оюбуз мындай, эгерде байкоочу өлкөлөр конкреттүү экономикалык жана башка долбоорлорго катышып, иш жүзүндө өзүнүн чоң каалоосун көрсөтсө, анда ал өзүнөн өзү толук кандуу мүчөлүккө өтүп кетет.

Белгилүү саясатчы Бакыт Бешимовдун пикиринде, Ирандын АКШ баш болгон Батыш мамлекеттери менен мамилеси бузулуусу жана тирешүүнүн опурталдуу деңгээлге жетүүсү Тегерандын ШКУга кирүүгө умтулуусунун негизги себеби болуп турат. Бирок ШКУга мүчөлүк Ирандын коопсуздугуна толук кепилдик бере албайт:

-ШКУ мамлекеттери Иран эмес, мына мисалы Ооганстандагы абалды караңызчы, ошол жерде кандай ролду ойноп жатат. Толугу менен эч кандай деп айтса болот. Ошондуктан ШКУ мамлекеттери (Иранга) кандай кепилдик бере алат? Жалпы расмий билдирүүдөн сырткары эмнени жасамак эле?.

Бирок, Ирандын Шанхай кызматташуу уюмуна кирүүсу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Россия жана Кытайдан ар кандай шартта колдоо алуусуна ыңгайлуу шарт түзүлбөй койбойт. Ал эми БУУнун Коопсуздук кеңеши дүйнөлүк маселелерди чечүү укугуна ээ.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG