Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

ПУТИН: БИЗ БАШ МЫЙЗАМЫБЫЗДЫ ЭМЕС ЭЛЕ АНГЛИЧАНДАР МЭЭСИН ОҢДОШ КЕРЕК


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Президент Владимир Путин шейшембиде кремлдик саясатты жактаган жаштар кыймылынын өкүлдөрү менен Москва алдында жолугушту. Ошол жерде Андрей Луговойду чыгарып бериш үчүн орусиялык Конституцияны өзгөртүү керек деген Улуу Британиянын сунушун «колониялыктын саркындысы калган ой жүгүртүү» деп атады. Британиялык прокуратура Лондондо Александр Литвиненконун радиоактивдүү полоний – 210 заты менен ууланышына тийиштиги бар деп мурдагы ФСБнын кызматкери, азыркы ишкер Луговойду айыптап келет. Орусия болсо атуулун бөлөк мамлекеттин соттошу үчүн Баш мыйзам тыюу салат деп чыгарып бербей жатат. Анализчилер КМШдагы өлкөлөргө Орусия өз атуулдарын анча кыйналып-кысталбай эле чыгарып берип келе жатат дешет.

Айып тагылып аткан кишини чыгарып берүүгө Баш мыйзам ариби уруксат бербейт экен, анда аны оңдоо керек деген шаанидеги сөздү Улуу Британиянын Орусиядагы элчиси Энтони Бренот айткан. 24-июлда орусиялык лидер кремлдик саясатты жактаган жаштар өкүлдөрү менен жолугушуу үстүндө ага жооп айтты. Лондондун андай кеңеши Маскөөнү кордой тургандыгын баса көргөздү. Ал тургай орусиялык Баш мыйзамга британдык жетекчиликтин мээси жетпей деген кыйытма сөз айтты.

«Баш мыйзамыңарды оңдогула деп, менин баамымда, биздин элди (төмөнсүтүп – ММ) кордоочу кеңеш берет. Өзүлөрүнүн мээсин оңдош керек!» - деген президент Путин.

Эксперттер чөйрөсү болсо британдык бийлик Литвиненконун өлүмүнө орусиялык мамлекеттик түзүлүш көмөк көргөзгөнүн билет же андай болушунан шеги бар, ошон үчүн эми бул кылмыштын бетин ачууга тикесинeн тик турууга мажбур дешет. Анын үстүнө болгондо да өлкөнүн ордо калаасы Лондондо радиоактивдүү полоний-210 уусун пайдаланып британиялык атуулду өлтүрүп кетүү англиялык атайын кызматтагыларды жер каратып салды дешет.

Баш мыйзам жол бербейт деп Маскөө айып тагылып аткан Луговойду чыгарып берүүдөн баш тартууда. Бирок адам укугун коргоочулар тизмесинде буга дейре Маскөө өз атуулдарын КМШ жаатындагы өлкөлөргө чыгарып берип келгенин эскеришет. Маселен, 2002-жылы Түркмөнбашынын өтүнүчү менен Карабаев Мурад, ал эми 2005-жылы Өзүбекстан президентинин талабынан улам Усманов Алишер чыгарылганын адам укугун коргоочу Светлана Ганушкина эскерет. Алар орусиялык атуулдар экенине карабай чыгарып ийилген.

"Мындай шартта Орусия өз атуулун чыгарып берүүгө тийиш эле. Эмне дегенде бул жерде бир кишини жок кылуу маалында канчалаган кишинин өмүрүнө коркунуч туудурган учур пайда болгон", - дейт Светлана Ганушкина.

Андан аркы кебинде Ганушкина айым Маскөө эл аралык укук коргоо тажрыйбасына ылайык азыркы мыйзамынын негизинде деле Луговойду чыгарып берсе болмок дейт. Андай мүмкүндүктү Баш мыйзамдын 15-бөлүмүндөгү 4-берене берет дейт. Андан сырткары мамлекет айып тагылып аткан кишисин ошончо эле коргоп алгысы келсе орусиялык адвокаттар жетишерлик деп белгилейт.

Башка эксперттер Катарда Ичкериянын мурдагы президенти Яндарбиевди жардыртып өлтүргөндө катардык бийлик кылмышкерлерди кармап, кийин аларды сот өлүм жазасына кескен. Ошондо орусиялык бийлик катуу кийлигишип атып аларды бошотуп алган. Бул окуя ошого окшоп турат дешет.

XS
SM
MD
LG