Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

БАТЫШ МАМЛЕКЕТТЕРИ КАРА ДЕҢИЗ ЧӨЛКӨМҮНДӨГҮ ТААСИРИН КҮЧӨТҮҮГӨ ТИЙИШ


Нарын АЙЫП, Прага 22-июлда Түркияда өткөрүлгөн кезексиз парламенттик шайлоодо жеңип чыккан Адилет жана өнүгүү партиясы Түркиянын Европа Биримдигине мүчө болуп кириши үчүн аракеттенгени менен белгилүү. Ошондуктан, айрым америкалык эксперттердин пикиринде, андан пайдаланып, Кара деңиз чөлкөмүндө Батыш өз таасирин күчөтүүгө тийиш.

Июндун аягында Ыстамбул шаарында Кара деңиз кызматташуу уюмунун бийик жолугушуусу болуп өттү жана, айрым байкоочулардын пикиринде, анда Орусия үстөмдүк кылды. Мунай менен газ байлыктарына таянып жана Европа мамлекеттери андай кубат булактарына өтө муктаж экенинен пайдаланып, Маскөө акыркы мезгилде Батыш мамлекеттерине каршы аракеттене баштады.

Мисал үчүн, 1990-жылы Париж шаарында түзүлгөн Өзөктүк эмес куралдарды Европада чектөө келишиминен Маскөө чыга турганын жарыялады, 1999-жылы Ыстамбулда түзүлгөн протоколду аткарып, өз аскерлерин Молдова менен Грузиядан толук чыгарып кетүүдөн баш тартып жатат, Чехия менен Польшада ракетадан коргонуу системасынын бөлүктөрүн, ал эми Румыния менен Болгарияда америкалык аскерий базаларды орнотууга каршы чыгууда.

Вашингтон шаарындагы Джеймстаун институтунун эксперти Владимир Сокордун айтымында, аны менен байланыштуу Кара деңиз чөлкөмүндөгү айрым мамлекеттер азыр өтө тынчсызданууда: "Румыния, Болгария, Украина жана Грузия азыр - Орусиянын күчтөнүп баратканынан чындап эле тынчсызданууда, анткени аны менен катар АКШ жана НАТО Ирак менен Ооганстанда каалагандай ийгиликке жете албай жатат. Чындап айтканда, коопсуздук маселелери менен байланышкан Орусиянын акыркы аракеттеринен улам, бул мамлекеттер - АКШ менен Европа Биримдигинин кызыкчылыктарынын корголушун эңсеп, Вашингтон менен Брюссел бул маселелер боюнча катуу турушун каалайт", - дейт Сокор.

Анын айтымында, мунай жана газ байлыктарына ээ Каспий чөлкөмү менен Батыш мамлекеттери ортосунда Түркия жаткандыктан, Батыш андан пайдаланыш керек болчу, бирок АКШ менен Европа Биримдиги аны кеч түшүнүп калды.

"Евразиядагы саясий күч тең салмагы үчүн Кара деңиз чөлкөмү чечүүчү мааниге ээ. Географиялык жактан дагы, орусиялык эмес мунай менен газды Европага жеткирүү маселесин алганда дагы, НАТО, Европа жана кеңири Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин баары ушул чөлкөм менен байланышкан. Ошондуктан, менин оюмча, Европа Биримдиги дагы, АКШ дагы жана, албетте, НАТО уюму дагы өз көңүлүн жана келечек аракеттерин Кара деңиз аймагына буруш керек", - дейт Владимир Сокор.

1992-жылы түзүлгөн Кара деңиз кызматташуу уюмуна азыр - бул деңиз боюндагы же ага жакын 12 мамлекет кирет жана 25-июнда Ыстамбул шаарында өткөн анын бийик жолугушуусунда Европа комиссиясы уюмга байкоочу болуп кабыл алынды. Үстүбүздөгү жылдын апрелинде болсо Европа Биримдиги өзү - Кара деңиз аймагы аркылуу унаа байланыштары менен мунай жана газ байлыктарын өткөрүү долбоорун баштаган.

Каспий деңизинен тартып Австрияга чейин жеткен "Набукко" газ кууру дагы Кавказ жумурияттары менен Түркия аймагы аркылуу өтүш керек. Ошондуктан, америкалык эксперттердин пикиринде, Түркиядагы шайлоодо - Европа Биримдиги менен кызматташууну күчөтүүнү каалаган партия жеңип чыкканынан пайдаланып, Батыш мамлекеттери чөлкөмдөгү аракеттерин кеңейтип-күчөткөнү жакшы.

XS
SM
MD
LG