Ирандагы абройлуу деген окуу жайлардын бири Техникалык университеттин студенттери Мажит Таваколи, Ахмад Хазабан, жана Эсхан Мансури 80 күндөн бери абакта отурушат. Студенттер исламды жаманатты кылган макалаларды жазып, аларды студенттер арасында тараткан деген кине менен камакка алынган.
Өлкөдөгү укук коргоочулар бул кине жөн гана шылтоо экенин, чынында студенттер декабрда президент Махмуд Ахмадинежадка каршы акцияга катышканы үчүн камалганын айтышууда.
Камактагы студенттердин жакындары Жогорку соттун башчысына жолдогон катта түрмө кызматкерлери аларды ур-токмокко алып, психологиялык басым жасап жатат деп жазылган. Алардын билдирүүсүндө жигиттерди эс учун жоготуп койгуча узак убакыт суракка алышып, тамак бербей , 18 саат бою бир бутта тургузуп кыйнашкан.
Ирандагы реформатор студенттердин бири Арман Седахати буларды айтат:
«Камакта отурган Хазабандын апасынын жүрөк оорусу бар. Түрмө кызматкерлери болсо ага баласын ур токмокко алгандарынын угузушкан.
Бир жолу балаңар бошотулду деп айтышып, ал түрмөгө чуркап барса Хазабанды бошотмок тургай жалгыз камап коюшкан».
Седахатинин айтымында камактагы студенттердин жакындары алар кыйноого дуушар болгонун жигиттер жалпы камерага которулганда гана билишкен.
«Студенттер жалпы камерага которулган соң жанындагылар түрмө кызматкерлери аларды кыйнап атканын көрүшөн да, студенттердин ата-энесине телефон чалып айтышкан . Алар студенттерди бат-бат эле сабап тураарын билдиришкен.»
Ушундан соң гана камалгандардын үй бүлөөсү чыны менен тынчсызданып, жогорудагы катты жазып отурушат.
Өлкөдөгү укук коргоочулар өз оюн ачык айтып, бийликке каршы чыккандарды ар кандай шылтоолор менен камакка алып, бийлик алардан кутулууну адатка айлантып алган дешет.
Өткөн аптада Иран мамлекеттик сыналгысы теги ирандык, бирок америкалык жарандыгы бар окумуштуулардын катышуусундагы берүүнү көрсөттү. АКШдагы Вудро Вильсон институтунда иштеген профессор Хале Эсфандиари жана Сорос фондунун Нью-Йорк шаарындагы Ачык коом институтунда эмгектенген Киан Тажбахш май айында тыңчылык кылды деп камалган. Телеберүүдө алар Ирандыктарды төңкөрүшкө даярдаганын моюнга алган. Бир топтор Эсфандари менен Тажбахш муну кыйноо астында гана жасашты деп айтышууда. Буга жооп катары Иран өкмөтүнүн өкүлү Голамхоссеин Элхам 22 июлда “Камалгандарды кыйнап, аларга карата зордук-зомбулук жасоо-биздин саясатка туура келбейт”-деп айтып чыкты.Дегени менен көптөр анын сөзүнө ишеним арткан жок.