Бүгүн болгон жыйында кабыл алынган чечимге ылайык Балыкчы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 30-сентябрда болот. Маалым болгондой бул округдан шайланган депутат Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнөн кийин бул округдан депутат шайланган эмес. Шайлооком ошондой эле 14-октябрга белгиленген Керметоо жана Каракулжа шайлоо округдарында шайлоону өткөрүү маселесин да талкуулады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)