Пикетке чыккан 70 адам Маевка айыл өкмөтүнөн жер участогун бөлүп берүүнү талап кылышууда. Алар бул маселе боюнча өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге жана вице-премьер-министр Досбол Нур уулуна жазган арыздарынын жообун да күтүп жатышканын билдиришти. Талаптары аткарылмайын нааразылык акциясын токтотпой тургандыктарын пикетчилер айтышууда. (AiT)