Анын пикиринде бул чет өлкөлөрдөгү кыргыз атуулдарынын укугун коргоого тоскоолдук кылып, ошондой эле чыныгы дипломаттардын кызматтык өсүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө. Акыйкатчы мисал катары, дипломат эмес Равшан Жээнбеков, Замира Сыдыкова, Рина Приживойттун элчи болуп дайындалышын, ал эми учурда Мелис Эшимкановду дайындоо күтүлүп жатканын келтирген. Турсунбай Бакир уулу мындай кемчиликтерди четтетүүнү өтүнүп, президентке эки жыл мурун кайрылган. Бейшемби күнү ошол билдирүүсүн кайрадан кайталап жарыялады.(AiT)
16:10 Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу элчилик кызматка кесипкөй дипломаттардын дайындалбаганына нааразы