Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

МУСУЛМАН ДҮЙНӨСҮНДӨ ИСЛАМ ТЕРРОРЧУЛАРЫН ЖЕКТЕГЕНДЕРДИН САНЫ ӨСҮҮДӨ


Мусулмандар арасында жанкечтилик кылуу, бейкүнөө адамдардын өмүрүнө зобун келтирүү сыяктуу террордук аракеттерге болгон терс мамиле өсүп барат. Вашингтондо жайгашкан Пью изилдөө борборунун иликтөөсүнө караганда, акыркы беш жылда Осма бин Ладенди колдогон мусулмандардын саны да азайган. Бирок, Палестина автономиясынын калкы арасында жанкечтилик дале популярдуу бойдон калууда.

Пакистан мусулмандарынын 9 проценти гана Ислам дининин атынан жанкечтилик кылууну туура деп эсептешет. 2004- жылы пакистандык мусулмандардын 41 проценти жанкечтиликти колдошчу. Ливанда, Бангладеште, Индонезияда да жанкечтилик кылып, бейкүнөө адамдардын канын төгүүнү жектеген мусулмандардын саны олуттуу өскөн. Бирок, Палестин автономиясынын калкы арасында жанкечтиликти колдогондордун саны дале арбын дейт Вашингтондогу Пью илимий борборунун улук илимий кызматкери Ричард Уик:

-Палестиналыктардын 70 проценти жанкечти бомба жаргычтык көбүн эсе же айрым учурда туура дешет. Бул изилдөө өткөрүлгөн мусулман жамааттарындагы эң чоң көрсөткүч.

Мусулмандардын террорчу - жанкечтилерге жана терроризмге болгон мамилесин сурамжылаган изилдөө Жакынкы Чыгыштагы, Африкадагы жана Түштүк Чыгыш Азиядагы 47 ислам өлкөсүндө өткөрүлгөн.

Ричард Уик мусулмандар арасында жанкечтиликти жектөөнүн өсүшү террорчулуктан бейкүнөө адамдардын жабыркашы жана Ирактагы кызыл кыргынга байланыштуу болушу ыктымал деп түшүндүрөт. Мисалы, 2005 - жылы Иорданиянын байтакты шаары Аммандагы чет элдиктер көп токточу үч мейманканага жанкечтилер жасаган чабуул 60 кишинин өмүрүн алып, 115 кишини жарадар кылган:

-Акыркы беш жылда Иорданияда терроризмди колдогондордун саны кескин кыскарган. Элдин мамилеси 2005 жана 2006-жылдары, ошондой эле изилдөө өткөрүлгөн мезгилде олуттуу өзгөрүп, терроризмди жактоочулардын саны азайган. Буга Аммандагы бомба чабуулу катуу таасир этти. Менин оюмча, башка өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөр да ушундай негизде болду. Балким, бул адамдардын Ирактагы калабага болгон реакциясын да чагылдырат.

Изилдөө Осама бин Ладенди исламга ылайыктуу иш кылууда деген адамдардын саны да азайып баратканын көрсөттү. Алсак, акыркы төрт жылда Иорданияда “ал- Каиданын” ана башын пир кармаган адамдар 36 процентке, Ливан мусулмандары ичинде 19 жана индонезиялык мусулмандар арасында 18 процентке кыскарган.
XS
SM
MD
LG