Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

18:12 Ошто суу тартыштыгына нааразы адамдар облустук администрациянын алдына нааразылык акциясына чыгышты


Араван чөлкөмүнөн келген дыйкандар суунун таңкыстыгына даттанышты. Ош облус губернаторунун орунбасары Болот Бөгөев өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда Бапан жана Найман суу сактагычтарында суунун көлөмү 3 млн. 630 миң метр кубга, дээрлик 50 пайызга азайып кеткендигин, Араван, Ноокат, Карасуу райондорунда сугат суу улуттук көйгөйгө айлангандыгын кабарлады. Ош облустук суу чарба мекемесинин башкы инженери Минаш Аскаров былтыркы жана быйылкы кургакчылык кесепети катуу тийгендигин, анын үстүнө кышта кар аз жаагандыктан тоолордо жетиштүү мөңгү топтолбой, дарыялар тартылгандыгын, булактар таптакыр соолуп калгандыгын жашырган жок. (АТ)

XS
SM
MD
LG