Ысыккөл облусунун алты айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана эки баскычтуу бюджеттин аткарылышы боюнча республикалык коллегия Ысыккөлдө болду. Каржы министри Акылбек Жапаров Ысыккөлдөгү айыл өкмөттөргө эми катуу көзөмөл болот деди. Ал эми президенттин администрация жетекчисинин орунбасары Айбек Албаев менен Ысыккөлдүн куратору Мурадил Бакашов курорттук аймакта таза суу маселеси курч турганын белгилешип, бул проблеманы чечүүгө мамлекеттен 50 млн. сом бөлүнөөрүн убада кылды. (RB)