Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:17

КААДАЛУУ ЖЫЙЫН, АКЧА-КРЕДИТ САЯСАТЫ, ИНВЕСТИЦИЯ АГЫМЫ


“Борборазия каржы базары дүйнөлүк экономикада”. Мына ушул темага арналган эларалык банкчылардын конференциясы Кыргызстанда өтүүдө. Чөлкөм банктарынын дүйнөлүк экономикага мамыр-жумур аралашуусу, Кыргызстан менен Казакстандын каржы базарынын ичара карым-катышынын күчөшүнүн экономикалык себеп-жөнүн иликтөөгө арналган жыйынга дүйнөнүн биртоп жерлеринен банк адистери катышууда.

Борборазиялык банкчылардын дүйнөлүк экономикадагы орду менен салымдарын талкуулоого арналган жыйынга алыс-жакын чет өлкөлөрдөн эки жүзгө жакын адистер келишкен. Ушундай каадалуу чогулушка коңшу Тажикстан менен Өзбекстандан, анан да Түркмөнстандан өкүлдөр эмне себептен катышпай жатканын сурап Кыргызстан банкчылар биримдигинин төрагасы Анвар Абдраевге суроо узаттым.

- Мен банктар ортосундагы карым-катыш тууралуу айта алам. Бул кыргыз банктарынын күнөөсү эмес, карым-катышка кызыкпаган банктардын мүчүлүштүгү. Банк секторундагы абал ушундай. Биз бирнече ирет, мен жеке өзүм ошол эле тажик, түркмөн, өзбек банкчыларына кайрылдым. Тилекке каршы, алардан оңчулуктуу жооп болбоду. Мен ачык айта албайм, мүмкүн кандайдыр бир чектөө болуш керек.

Анвар Абдраев Кыргызстандагы банк, акча-кредит саясаты тууралуу өнүгүп бараткан көп өлкөлөргө үлгү боло ала турган мыйзамдык негиз түзүлгөн деп эсептейт. Анын айтуусунда, эки жылдан бери кыйла саясий ары-сүр, бери-сүрдү башынан кечирип жаткан өлкөнүн дурус дегидей экономикалык өсүш көрсөткүчтөрүнө жетишип жатышына банк секторундагы реформалардын ыкчам жүрүшү себеп болду.

- Банк сектору калганын тартып кетиши керек. Акча бул экономиканын кан тамыры сымал, денедеги кан жүрөктөн таралып, баарын кыймылга келтирип тургандай акча да экономика тармактарын алдыга сүрөп турат. Банк секторундагы реформа ийгиликтүү өтсө анын натыйжасы башка тармактарга жагымдуу таасирин тийгизет, экономика каржылык колдоо менен гана алдыга жылат,- дейт Анвар Абдраев.

Казакстан банкчылар ассоциациясынын вице-президенти Марат Байтоков коңшу эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катыш кыйла тереңдеп баратканына токтолуп, анын бир мисалы катары банк секторун көрсөттү.

- Мына бүгүн Кыргызстанда казакстандык алтынчы банк ачылып жатат. Алар бул жерге иштеш үчүн, пайда табыш үчүн жөн жерден келишкен жок. Себеп дегенде, банктардан мурда алардын кардарлары бул жерге келишкен.

Азия универсал банкынын директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Надель Кыргызстандын ушу таптагы экономикалык өсүшү тышкы карыздарды убагында төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк бере тургандыгын, ага кошуп коммерциялык банктардын үстөк пайызы кыйла азайганын билдирди.

- Талаш жок, 2 миллиард доллар ички дүң продуктка карата алганда чоң акча, бирок абсолюттук сандар жагынан алганда анча деле көп эмес. Эгер Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшү жөнүндө айтсак, ага сарпталчу каражат, айрыкча Көл кылаасына жумшалчу акча 2, 3, 4, 5 миллиард эмес, ондогон миллиарддарды түзөт. Ага ылайык ИДП өсөт, салыктар арбын түшөт, экономика өнүгөт.

“Кыргызстан” коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Абиров өкмөт чет эл инвесторлоруна караганда Атамекен ишкерлерине, жергиликтүү банктарга көбүрөөк колдоо көрсөтсө жарашмак эле дейт.

- Улуттук банк өзүбүздүн кыргыз банктарына аябай чоң жардам бериши керек, колдош керек. Биринчиден, өзүбүздүн банктарга карашса туура болмок.

Бишкекте ачылган банкчылардын 4-эларалык жыйынынын экинчи бөлүгү көгүлтүр Көл жээгинде улантылмакчы.

XS
SM
MD
LG