Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЬ СЕНТЯБРДА ӨТӨТ


Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында 3-сентярда Ысыккөл эл аралык кинофестивалы башталат. Фестивалдын төрагасы, мамкатчы Адахан Мадумаровдун айтымында, мындай иш чара Кыргызстанда 32 жылдан бери өткөрүлгөн эмес. Фестивалга өкмөттөн бир дагы каражат бөлүнбөйт. Жергиликтүү ишкерлер жана мекеме-уюмдар өздөрү демилге көтөрүп, каражат менен камсыз кылууга даяр. Маалыматка караганда фестивалды өткөрүүгө 130 миң АКШ доллары сарпталышы күтүлүүдө. Ал эми айрым киноишмерлер эл аралык фестивалды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн беш-алты ай мурда даярдануу керектигин, шашылыш өткөргөн иш чара Кыргызстандын абройуна доо кетирип коерун айтышууда.

Ысыккөл эл аралык кинофестивалын өткөрүү боюнча мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров башында турган уюштуруу комитети алгачкы жыйынын өткөрдү. Мамкатчынын айтымында, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өтүүчү кинофестивалга Балтика өлкөлөрүнүн, Түркия, Азери, Армениянын да киноишмерлери катышуу үчүн алдын ала сунуштарын жиберишкен. Ал ошондой эле кинофестиваль аркылуу мамлекеттин абройун, улуттук рухту көтөрүп, кино өнөрүн мурдагы «кыргыз керемети» деген даражага жеткирип, кыргыз тасмалары аркылуу келечек муунду мекенин, эли жерин сүйүүгө тарбиялоо максатын көздөөрүн айтты.

Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаровдун айтымында, мамлекеттик катчынын кино өнөрүн колдоп, эл аралык фестиваль өткөрүү демилгеси киноишмерлердин өчүп бараткан үмүтүн кайра жандыргандай эле болду. Бирок эл аралык фестивалды өткөрүүнүн жол-жобосун эстен чыгарбоо керек, дейт Бирназаров.

- Кинфестивалды өткөрүш үчүн бүткүл дүйнөлүк киноискусствонун фестиваль өткөрүүгө укук берүүчү Академиясы бар. Мына ошолордун текшерүүсүнөн өтүп, алардын макулдугун алып анан статус алууга болот. Эл аралык, аймактык же Борбор Азиялык деп статус берет. Алар текшерип фестиваль өткөрүү кооптуу эмеспи? Финансы жагы кандай? Жаратылыш шарты кандай? Эли, мамлекети кандай? Фестиваль өткөрүүгө болобу, болбойбу, деген шартта карашат,-дейт Темир Бирназаров.

Кинорежиссер белгилегендей кинофестивалда автордук укукту коргоо, сыйлыктардын баа өлчөмү, катышуучулардын коопсуздугу, өлкөдөгү туруктуулук эске алынат. Иш чара эл аралык кинофестивалдын жол-жобосуна ылайык өткөрүлбөсө мамлекеттин абройуна доо кетирип коюшу мүмкүн.

-Эл аралык кинфестивалдын жол-жобосуна ылайык дүйнөлүк киноакадемиядан каттоодон өтүп, урусат алып анан кинофестиваль өткөрөт. Бизде болсо накта «кыргызча» кур кыйкырык, куу-сүрөөн менен ураа-алап өткөрсөк, анда уят болуп калышыбыз мүмкүн.

Кинодраматург Талип Ибрагимов болсо азыркы бийликтин кино өнөрдү өнүктүрүүгө жасаган аракетин колдоорун, бирок фестивалга даярдануу мөөнөтү аз экендигинен кооптонуп тургандыгын жашырган жок.

Ал эми Уюштуруу комитетинин координатору Юруслан Тойчубеков иш чарага жарым жыл мурда эле даярдыктар башталганын, кинофестивалды эл аралык деңгээлде өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

-Биз беш-алты ай мурда эле бул ишти баштаганбыз. Бирок ШКУнун саммити качан болот? Аны өткөрүү кандай болот деп кармалып турганбыз. Мына эми саммитке даярдыктар жакшы. Кинофестиваль өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Сметасын так эсептеп чыгып, уюштуруу комитетинин экинчи отурумунда жарыялайбыз. Болжол менен фестивалды өткөрүүгө 120-130 миң доллар каражат жумшалат,-деди Юруслан Тойчубеков.

Айрым кино ишмерлер мамлекет буга чейин кино өнөрүнө жарытылуу көңүл бурбагандыгынан фестивалда көрсөтүүгө татыктуу жаңы тартылган кыргыз киносу жокко эсе экенин айтып, алдыда болуучу бул иш чараны бийликтин Шанхай кызматташтык уюмун ашкере даңазалоого кылган далалаты катары баалашууда.
XS
SM
MD
LG