Майкл Расмуссенди анын командасы июнь айында кайда жүргөндүгү тууралуу калп айтканы үчүн өз катарынан чыгарды. Бул атактуу велосипед мелдешиндеги эң соңку жаңжал болуп калды. "Туо де Франстын" дагы бир сүймөнчүгү, казакстандык спортчу Александр Винокуров канынан күчтөндүрүүчү зат табылгандан кийин мелдештен четтетилген эле.