Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:30

ЖАЛАЛАБАТ: ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ ЭРЕЖЕ САКТАБАГАНДЫКТАН ЧЫГУУДА


Жалалабат облусунун жолдорунда соңку учурларда жол кырсыктары көбөйүп кетти. Алты ай ичинде 83 киши жол кырсыгынан каза таап, 281 адам түрдүү деңгээлде жарадар болду. Кырсыктын көп бөлүгү Ош-Бишкек унаа жолуна туура келет. Өлкөнүн башкы жолунда опурталдуу бурумдардын көптүгү менен жол белгилердин коюлбаганы жана айдоочулардын жол эрежелерин сактабаганы менен облустагы жолдордун кейиштүү абалы кырсыктардын көп болуусуна шарт түзүүдө. Жан багуунун айласынан айдоочунун күбөлүгүн сатып алып жолго чыккан адамдар кырсыкты пайда кылууда деген пикирлер да бар.

Облустун Аксы, Алабука, Чаткал, Тогузторо аймактарына каттаган жолдор талапка ылайыктуу эмес. Майлуусуу шаарына барчу жолдун да тамтыгы чыгып бүткөн Уңкул-чуңкулу көп жолго төгүлгөн шагыл-топурактар жамгыр жааганда жуулуп, жол кырсыктарына шарт түзүлгөнүнө майлуусуулук Абдыкалык Турдиев өңдүү көптөгөн айдоочулар нааразы:

- МАИлерге кайрылабыз жолго таш, же кум салып койгула деп. Алар бизге эч кулак салбайт.

Жүргүнчү ташыган тажрыйбасыз айдоочулар ылдамдыкты ашырып ийип, жол эрежесин бузууда. Автоунаалардын арасында техникалык талапка жооп бербей, кароодон өтпөгөндөрү да бар. Ош шаарынан Бишкекти, же Бишкектен түштүк аймагына жөнөгөн айдоочулар арбын акча табуу ниетинде жолдо эс алгылары келбейт. Чарчаганда үргүлөшөт да машиналары ала салып, же каршысындагы автоунаа менен кагышууда. Облустук мамлекеттик автоинспекциянын башчысы Камбаралы Өмүркулов алты айда 235 жол кырсыгы болгонун, натыйжада 83 адам көз жумуп, 281 киши жарат алганын билдирди.

Кырсыкка көбүн эсе чет өлкөлүк Ауди-100 маркасындагы автоунаалар туш болоорун изилдөөлөр аныктаган. Айдоочулар Ош-Бишкек жолунун опурталуу буруму көп экенин эске албаган учурлар аз эмес. Кырсыктардын алдын алуу үчүн автоинспекция Токтогул районуна айдоочуларды этият болууга чакырган эскерткич белги коймок болду:

- 235 жол кырсыгы болсо, ошонун 149 катуу айдагандан аварияга учуругандар. Биздин участокко келип чарчайт, же уйкусу келет. 283 көз жумган, 281 жаракат алган. 235тин 101и Бишкек-Ош жолунда болуп атат.

Отуз жети жылдан бери айдоочу Сооронбай Жалалабат-Бишкек жолу менен жүк ташыйт. Аны өлкөнүн башкы жолунда зарыл белгилердин туура коюлбаганы өкүндүрөт. Чет өлкөлүк унааларды айдаган тажрыйбасыз адамдардын жоопкерчиликти унутуп, Нарын дарыясын бойлогон жол менен катуу айдаганы опурталдуу:

- Акчага кызыгып эптеп жеткирейин деп тездикте айдашат, уйкудан калышат. Көбүнчө кырсыктар ошондон болуп атат.

Кесиби боюнча инженер-механик Канат айлыгы үй-бүлөнү багууга жетпегендиктен айдоочулукка өткөн. Ош-Бишкек жолунда жүргүнчү ташып жүрүп, жолдун кемчиликтер менен советтик үлгүдөгү автоунаалар жүрүүгө ылайыктуу бир тараптуу болуп курулганын баамдаган. Катуу бараткан жеңил машинасын токтото албай, жүктүү машина менен кагышып алган айдоочу жеңил унаасы менен күйүп өлгөнүн да көргөн. Анын айтымында турмуштун айынан жол эрежеси менен чала тааныш адамдардын айдоочулук билим албай, айдоочулардын күбөлүгүн сатып алып, жолдо жүрүүсү, айдоочулар үчүн кесиптик сынак менен медициналык кароодон өткөрүлбөгөнү да кырсыктын көп болушуна шарт түзүүдө:

- 80 пайызын экзаменге киргизсе тапшыра албайт. Машине күйүп аткан жеринен барып калдык. Негизи КАМАЗ өзүнүн жолу менен кетип бараткан, Мерседестегилер ылдамдыкты ашырып ийгенби, же уйкусу келип встречный полосага кирип кеткенби. Европадан келген машиналар. Айрыкча Каракөл менен Ташкөмүрдүн ортосундагы бурулуштар туура эмес курулуп калган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG