Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:54

КЫЛМЫШ ҮСТҮНӨН КАРМАЛГАН КИКБОКСЕР Ж.АМАНТАЕВ КАЧТЫ


Опузалап акча алды деп айыпталган белгилүү кикбоксер, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Жанбулат Амантаев сот залынан качып кетти. Октябрь райондук милициясынын тергөөчүсү Т.Мажинов жана старшина Ж. Муканбетов, Ж.Амантаевди 26-июлда кечинде сотко алып келген. Ж.Амантаев аларга моюн бербей сот залынан качып чыккан. Учурда аны качырып жиберген тергөөчүнүн үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министрлиги бүгүн маалымдады. Кикбоксчу Ж.Амантаев “Ма-була” фирмасынын жетекчисин опузалап, 20 миң доллар талап кылып, анын 5 миң долларын алган жерден кармалган.

Төмөндө анын кандай жагдайда кармалгандыгы тууралуу макаланы окуңуз.

Кыргызстанда айрым белгилүү спортчулар кылмыштуу топторго кошулуп “калканыч” болуу менен криминалга аралашып кетишкен жагдайлар арбын. Бир күн мурун Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, коркутуп акча алып жаткан жеринен кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Жанбулат Амантаев кармалган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, Бишкектеги “Монте Карло” эс алуу борборунун ээсинен кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Жанбулат Амантаев башында турган эки белгисиз адам 20 миң доллар талап кылып, 5 миңин алып жатканда милиция тарабынан кармалган:

-24-июль күнү “Монте Карло” эс алуу борборунун ээси И. Мамазаиров милицияга арыз менен кайрылган. И. Мамазаировдун айтымында Ж. Амантаев башында турган эки белгисиз адам аны жыйырма миң АКШ доллар берүүгө мажбурлаган. Тайбокс жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Жанбулат Амантаев беш миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Жана ошондой эле Амантаев айдап келген БМВ-525 маркасындагы автоунаасын тинтүү учурунда, машинеден он алты калибириндеги кесилген мылтык жана “ТТ” тапанчасына тийиштүү алты ок табылды. Учурда Жанбулат Амантаев Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында отурат.

Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Жанбулат Амантаев 1974-жылы туулган. Ал Кыргызстандын туусун бир нече ирет көтөрүп, намыска жараган. Чоң спорттон кеткенине 5-6 жыл болуп, ишкерчилик жана машыктыруучулук менен алектенип жүргөн.

Белгилүү спортчулар чоң спорттон кийин маянасы аз машыктыруучулук ишке барышпайт, каражаттын айынан ишкерлерге жан сакчы же кылмыш дүйнөсүнө аралашууга аргасыз болушууда. Эгемендүүлүк алгандан бери жыйырмадан ашуун спортчуну атып кетишин да айрым байкоочулар ушул өңүт менен байланыштырып жүрүшөт.

Бейтарап эксперттердин баамында Ички иштер министрлигинин спорттук чөйрөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөш жаатында жүргүзүп жаткан иши алымсындырбайт. Маселен, “Агым” гезитинин баяндамачысы Семетей Талас уулунун айтымында каражаттын жетишсиздигинен же оңой оокат табуу максатында айрым белгилүү спортчулар кылмыш дүйнөсү менен байланышып кетүүдө.

-Министрлерге, өкмөт мүчөлөрүнө, саясатчыларга, бардыгына жан сакчы керек. Алар жан сакчылыкка белгилүү спортчулардан тандап алышат. Эгер мурдакы белгилүү спортчулар өзүнүн кызыкчылыгын пайдасын гана ойлоп ишкерлерди, цехтерди тоноп, рекет болуп алышканын токтотпосо бардык башка абийирдүү спортчуларга да көө жабылат.

Алар элдин, өлкөнүн намысын коргогону менен кийин криминалга кызмат кылып эле, айрым учурда кайра элди кордоп жатышат.

Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаевдин пикиринде кылмыш дүйнөсүнө аралашкан таанымал спортчулар кармалганы менен кандай күнөөлөрү бар экендиги ачык айтылбай мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылбай атат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, Жанбулат Амантаев учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын убактылуу жайында камакта. Эгерде анын коркутуп акча алуу жана мыйзамсыз курал алып жүргөнү тергөө учурунда далилденсе 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG