Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

АЗИЯНЫН ФУТБОЛ ФЕДЕРЕАЦИЯСЫНЫН КУБОГУН ИРАКТЫН КОМАНДАСЫ УТУП АЛЧУДАЙ БОЛУП ТУРАТ


Малайзияда Азиянын футбол федерациясынын кубогу үчүн болгон мелдеш аягына чыкканы калды. Ушул ишемби жана жекшемби күндөрү финалдык оюндар өтөт. Азиянын кубогун кайсы өлкөнүн футболчулары алчудай болуп турат?

Кечээ бейшемби күнү өз группаларында биринчи орунду алышкан Ирактын жана Түштүк Кореянын футболчулары беттешти. Негизги жана кошумча убакыт тең чыгуу менен аяктагандан кийин, дарбазага 11 метрден пенальти тебилди. Топту ирактык футболчулар таамайыраак тебишип, Түштүк кореялыктарды 4:3 эсебинде утуп алышты. Эми Ирактын курама командасы Азия футбол федерациясынын кубогу үчүн жекшемби күнү Сауд арабиялык футболчулар менен таймашат.

Бул эки команданы тең бразилиялык устаттар машыктырат. Айта кетчү нерсе, азыр согуш кучагындагы Ирактын футболчулары Азиянын кубогу үчүн мелдеште финалга биринчи ирет чыгууда.

Чейрек финалда саудиялыктар өзбекстандык футболчуларды 2:1 эсебинде, ал эми жарым финалдык оюнда Япондорду 3:2 эсебинде уткан.

Үчүнчү орун үчүн ишемби күнү Япониянын жана Түштүк Коренын футболчулары беттешет.

Сауд Арабиясы менен Япониянын командалары буга чейин Азиянын футбол федерациясынын кубогун үч иреттен, Түштүк кореялыктар эки ирет утуп алышкан.

Азиянын футбол федерациясынын кубогу үчүн мелдеш 1956-жылдан бери ар төрт жылда бир жолу өткөрүлөт.

Баса, жекшемби күнү Индонезиянын байтакты Жакартада Азиянын кубогу үчүн 2011-жылы болчу мелдеш кайда өткөрүлөрү аныкталат. Азырынча мелдеш ээси болуу үчүн Катардан башка бир өлкө арыз бере элек.
XS
SM
MD
LG