Ички иштер министринин мурунку орун басары Өмүрбек Эгембердиевге ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоп, аны камакка алуу үчүн Биринчи май райондук сотко кайрылган. Бирок сот аны канааттандырбай, Эгембердиевден эч кайда кетпөө жөнүндө тил кат алуу менен боштондукка чыгарган. Министрлик соттун мындай чечимине нааразы болуп, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот өз кезегинде райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Эгембердиев кызмат абалынан пайдаланып, министрликке таандык 12 миллион сомдук кумшекерди кымырып кеткен деп айыпталууда. (AiT)