Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

ТЕМИР САРИЕВ: БАНК КАПИТАЛЫНЫН БАСЫМДУУ БӨЛҮГҮ КАЗАКТАРДА


Кыргызстан эки күндөн бери Борбор Азиядагы эле эмес башка мамлекеттерден келген белгилүү финансисттерди, банкирлерди бир жерге топтогон борборго айланды. Бишкекте кечээ банк системасынын ишине байланышкан эл аралык конференция ачылды. Анын мааниси, Кыргызстандагы бүгүнкү банктардын иши тууралуу "Азаттыктын" суроосуна Жогорку Кеңештин депутаты, экономист Темир Сариев жооп берди.

- Кыргызстандын банк системасынын потенциалы тууралуу ар кайсы маалымат булактары, ар ким ар кандай айтып жүрүшөт. Сиз өлкөдөгү банк системасынын абалын кантип баалайт элеңиз?

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда банк системасын эффективдүү өсүп келаткан тармак катары кабыл алсак болот. Буга биздин мыйзамдар абдан ыңгайлуу тартип түзүп берип атат, башка мамлекеттерге караганда. Бирок ошол эле убакта бүгүнкү күндө абдан чоң кыйынчылыктар бар. Ошонун ичинен финансалык банк систамасынын жалпы экономикага болгон көз карандылыгы болуп отурат. Экинчиден, бизге жакын мамлекеттердин чоң кийлигишүүсү болуп атат финансы секторуна. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө банк системасы биздин көңүлгө тойоорлук рол ойногон жок экономикада. Ошондой эле биздин бардык потенциалды толук колдоно алган жокпуз деп айтат элем.

- Сиз азыр Казакстандын кийлигишүүсү жөнүндө айтып атсаңыз керек. Негизи эле Кыргызстанда банк системасынын өнүгүү жолдорунун бири катары Казакстандык инвестицияны да атап жүрүшөт. Бирок азыр сиз айткандай, ошол инвестициядан көз каранды болуп калып атат деген ойлор да бар. Бүгүн өлкөдө беш казакстандык банк иштейт экен. Кечээ дагы бири ачыла турганы айтылды. Чет өлкөлүк банктардын көп болгону өлкө үчүн пайдалуубу, же зыяны көппү?

- Бүгүнкү күндө банк капиталынын 60 пайыздан ашыгы Казакстандын адамдарына, же банктарына тиешелүү болуп атат. Бир четинен коркунучтуу. Бирок экинчи четинен мындан коркпосо деле болот, эгерде мыйзамдар туура иштеп, Улуттук банк жагынан катуу көзөмөл болуп турса. Мындай эмеспи, акча эч качан кандайдыр бир адамдарга тиешелүү болбойт. Бул жалпы акчанын, финанасалык капиталдын жүгүрүшүнө байланыштуу болот. Казсактанда ашыкча акча бар. Алар сөзсүз түрдө жылчык издеп башка жака салуунун жолун багыттап турушат. Ошонун бири Кыргызстан болуп атат. Экинчи жагынан Улуттук банктын көзөмөлү катуу болсо, мыйзамдар туура ачык иштесе биз мындан чочулабасак болот. Ал эми диференциалдык подход деп коебуз. Ушундай болбосо чынында бир мамлекеттин капиталы банк системасында абдан чоң пайызга ээ болуп кетсе, кийин кандайдыр бир геосаясаттык саясий көрүнүштөр пайда болуп калышы мүмкүн деген чочулоолор бар. Мен буга кошулат элем. Ошондуктан биз диференциалдуу түрдө өнүктүрүшүбүз керек. Бир гана Казакстандын эмес, Орусиянын да, башка чет өлкөнүн дагы капиталдарды бизге келип ачык-айкын иштеп, биздин мыйзамдын негизинде болуш керек.

- Темир мырза, банк тууралу сүйлөгөндө жөнөкөй угуучуларга мисалы эң оболу кредит тууралу ой келсе керек. Кыргызстанда баарыбир ипотекалык кердит үчүн проценттин көлөмү жогору. Демек чет өлкөлүк банктар көбөйсө бул тармакта атаандаштык пайда болуп, проценттин көлөмү азаят дегенди билдиреби?

- Ооба, бул түздөн түз ушуга байланыштуу болот. Биз бир жагынан чет өлкөлүк инвестицияларды туура колдонуп, аларды туура айлантышыбыз керек. Экинчи жагынан Улуттук банктын, өкмөттүн көңүл бурбай жатканы бул ички инвестициялык резервдер толук пайдаланылбай жатат. Анткени биздин элдин чөнтөгүндө эбегейсиз чоң акчалар бар экономикалык салыштырмалуу. Ар түрдү адистердин айтышы боюнча 1 миллиарддан 3 миллиард долларга чейин колдо акчалар айланып атат банк системасына кирбей. Эгерде бизде 70 млрд. сом деп атсак жалпы соода жүгүртүүбүз, ошонун 95 пайызы банк системасына кирбей айланып атат, колдон колго өтүп көмүскө экономикада деп атканыбыз бар. Эгер биз булардын баарынан туура жыйынтык чыгарып, элдин банкка ишенимин арттырсак кандайдыр бир арзан финанасалык булактарын тапсак, биз ипотекалык, же башка кредиттердин пайызын ылдый түшүргөнгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG