Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:57

20:20 Нарын облусунун мурдагы губернатору Жыргалбек Азылов “Даңк” ордени менен сыйланды


НАРЫН. 27-июлда Нарын облустук коллегиясы болуп, анда бир эле маселе – облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн алты айдагы көрсөткүчү боюнча маселе каралган. Коллегия жыйынтыкталып калганда залга президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов келип, президенттин эки Указы менен тааныштырды. Анда Жыргалбек Азылов “Даңк” ордени менен сыланып, президенттин дагы бир Указына ылайык элчилик кызматына өткөндүгүнө байланыштуу, губеррнаторлуктан бошогондугун маалымдады. Бирок кайсы мамлекетке элчи болоору айтылбады. Ал эми Нарын облусунун жаңы губернатору болуп жергилиги кочкорлук Ажыбек Касымалиев бекитилди. (JI)

XS
SM
MD
LG