Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

10:30 Ж. Амантаевдин кайтаруучулары камакка алынды


Кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсү деп шектелген Жанбулат Амантаевдин кечээ сот залынан качып кетүүсүнө тиешеси болуусу мүмкүн деген шек менен аны сотко алып келген эки милиционердин үстүнөн кылмыш иши козголду. Октябрь РИИБнүн тергөөчүсү Т. Мажинов менен старшина К. Муканбетов кечээ кечке жуук камакка алынып, убактылуу камоочу жайга киргизилди. Ушул тапта тергөө жүрүп жатат деп маалымдайт ИИМнин маалымат кызматы.
Спортсмен, кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсү деп шектелген Жанбулат Амантаев “Монте-Карло” эсалуу борборунун жетекчиси И. Мамазаировдон опузалап акча алды деп айыпталып, камакка алынган.

XS
SM
MD
LG