Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:48

СААДАБАЙДЫН САЛААЛАРЫНАН ТӨГҮЛГӨН КҮҮЛӨР


Айтылуу Аксынын Сыны айылы менен Тегене айылынын кол менен жасап койгондой кооздугун казактын бир сынчысы көргөндө суктана Телтору күлүктүн соорусуна теңесе, атактуу ак таңдай төкмө акын Жеңижок Сыны айылы экенин: Келип калсаң Сыныга, Куюлу кымыз чыныда, Чекеден чертет чертмекчи, Чекене эл эмес чынында деп,– ырга кошулуптур.

Алсак, өз кезегинде, өз доорунда Сыны айылынан эле Маша, Эргешбай, Абдыразак, Асылбек, Тойчуке, Эркинбек, Керимбек, Бөдөш, кылкыякчы Асыранкул, темир өз комузчу Токтош өңдүү ж.б. залкар шайырлар чыгыптыр. Ушундай улуу шайырлардын өнөрлөрү бүгүнкү күндө да ондогон ар кандай курактагы, түрдүү кесиптеги инсандар улап келүүдө. Ошолордун бири – 67 жаштагы республикага кеңири белгилүү, көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү, комузчу Саадабай Шабданов. Ал ташка, кайышка, темирге, жыгачка жан салган устанын үй-бүлөсүндө туулган. Кала берсе энеси Сайра да колунан көөрү төгүлгөн уздан болуптур. Ал эми Саадабайдын агасы Рахим жаагын жана ырдаган ырчы, күпүлдөтө Манас айткан манасчыдан экен. Ал Саадабайга он жашынан комуз үйрөтөт.

1969-жылдан баштап Саадабайдын атагы белгилүү боло баштайт. Ош пединститутунун алдында комузчулар ансамблин уюштурат. 1971-жылы Саадабай жетектеген комузчулар ансамбли республикалык “Студенттик жаз” фестивалында лауреат болот. 1976-жылы орус, немец, украин ж.б. улуттардын кыздарынан турган комузчулардын ансамблин уюштурат дагы бир жолу “Студенттик жаз” фестивалынын “Тогуз кайрык” телесынактарынын лауреаттарынан болот.

Саадабай 40 жылдан ашык мезгилден бери Ош университетинин музыкалык факультетинде эмгектенип, бүтүндөй өнөрүн жаштарга үйрөтүп келет. Студенттерге, мектеп окуучуларына комуздан сабак берет. Ал устаттык жаш шайырларга Токтогул, Ниязаалынын, Карамолдонун, Ыбырайдын, Атайдын күүлөрүн үйрөтүү, чертүү менен бирге өзү да күү чыгарат. Автордун “Бийчи кызга”, “Айыл көрүү”, “Жашчылык”, “Отуз кылым” аттуу күүлөрү кайрыктарынын жаңылыгы, ойлорунун тереңдиги, жекечилдиги, өзү жашап жаткан замандагы турмушту көркөмдүү, мазмундуу баяндаганы менен айырмаланат.

- Саадабай мырза залкар шайырлардын күүлөрүн чертүү-аткаруу менен бирге күү да чыгарып жүрөсүң. “Жашчылык” аттуу күүңдүн таржымалын баяндай отуруп угармандарга чертип берсең?

- “Жашчылык” аттуу күүм жалындаган жаштык куракка арналат. Бүгүнкү күндөгү жаштардын кыял-жоруктары замандын агымына жараша болгон кулк мүнөздөрүн ыр жана күү менен баяндап берүүгө аракеттендим. Күүнүн бетачары.
Э-эй жышчылык
О-ой жашчылык
Кулунчакты камчылап
Минип жүрдүң ат кылы.

Э-эй жашчылык,
Сенде дайым мартчылык,
Жылуу сезим жүзүңдө
Күлкү менен каткырык – деген саптар менен башталат. Анан күү мындайча чертилет да аягында:

Аркаласаң атаңа сен
Ак ишине жара.
Эркелесең энеңе сен,
Эл ишине жара.

Жара-жара кана,
Акылым сен бала,
Адептүү бол мага,
Э-э-э-э-й
Адептүү бол мага
Адептүү бол сен мага.

Айланайын бала,
Агаларды кара,
Эсиң барда бала,
Элиң жакты кара,
Кара-кара-кара

Атаң деле бала,
Апаң деле бала,
Сакалдары сапсайып
Көрүнсө да сага
Сага-сага-сага

Сен баалоого жара,
Баалуусуң мага,
Бал сөз айтам сага,
Э-э-э-э-й
Бал сөз айтам мен сага, - деген акыл айткан саптары менен үн кошуп чыгардым. Бул жерде бүгүнкү жаштар күүнүн кайрыктарына түшүнбөсө, ырларына түшүнсүн дедим.


- Саадабай мырза, азыркыдай комуз чертип, күү чыгарып залкар шайырлардын күүлөрүн аткарып калышыңа ким насаатчы-устат болду эле?

- Биздин айылда ак таңдай улуу акын Жеңижок айткандай чекеден комуз чертер элек. Кептин ачыгын айтсам мен туулуп өскөн айылга Токтогул, Ниязаалы, Жеңижок жайдыр-кыштыр көп келчү экен. Өзүңүзгө маалым Токтогул менен Алымкул айтышкан Машакаранын баласы Бөдөш аке чоң комузчу эле. Ал колдору жоон болгону менен комузда колун ойнотуп черткенде көзгө илишпей колунун сөөгү жоктой тир укмуштай безелентип чертчү. Мага окшогон жаштар Бөдөш аке кол ойнотуп черткенде колунун сөөгү жокко деп ойлочубуз. Көрсө кадимки эле Атай Огомбаевдин алгачкы устаттарынан экен. Атай келгенде ээрчитип алып, Аксыны айлантып чыкчу экен. Бөдөш акеден калганбы, же улуу таланттардан жугуш болгонбу, өзгөчө Бөдөш акени көрүп, анын черткен күүлөрүн угуп үйрөнө баштадым. Менин устатым чынында Бөдөш аке болду. Эми насаатчымдын учугун шакирти улайт деп, устатымдын “Сурнай күүсүн” чертип берейин.

- Ар кандай таланттардагы комузчулардын күүлөрүн чертип жүрөсүң. Алардын ичинен Ниязаалы Борош уулунун күүлөрүнө өзгөчө басым жасап чертип жүрөсүң. Эми өзүң бүтүндөй жан дүйнөңдү таштап коюп чертип жүргөн “Кертолгосун” угармандарга аткарып берсең?

- Өзүңүз көрүп, билип, иликтеп жүргөндөй комуз аспабынын ажарын ачкан улуу шайырлар Токтогул, Ниязаалы, Карамолдо, Ыбырай, Атайдын күүлөрүнөн кабарым бар. Алардын күүлөрүн чертип да жүрөм. Ошондой болсо да залкар шайырлардын ичинен Ниязаалынын көөнөрбөс мурастарына көбүрөөк көңүл буруп жүрөм. Мен Нияз акемди көрбөсөм да калк арасынан күүлөрүн иликтеп, айрым шайырлардын күүлөрүн үйрөнүп жүрөм. Азыр эми кадырман угармандарга “Кертолгоосун” чертип берейин. Нияз акем күүсүн чертердин алдында: “Терип чертем, илип чертем, көңүлүмдү берип чертем” деп чертчү экен.

- Саке, мына он жашыңдан тартып, 67 жашка чейин комуз кармап, кыл тырмап комуз чертип келе жатасың. Эмне үчүн алиге чейин эл алган ардактуу наамды албай келе жатасың? Себебин эмнеден деп ойлойсуң?

- Кептин ачыгын айтсам, Баке наам жөнүндө ойлонбойм. Мен негизинен балдарга-шакирттериме билген өнөрүмдү үйрөтүү. Алар таза, тунук элге жеткире чертсин деген тилек, максат менен иштеп жашап келем. Бир учурда наамга документтерим деле кеткен. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин жооп жок. Балким бирдемеси жетпей аткандыктыр. Жашым жетпейт десем быйыл 67 жашка чыктым. Өзүңүз билесиз Кыргызстанда болгон баардык кароо-сынактарга бүгүнкү күнгө чейин катышып келем. Көптөгөн сынактардын, фестивалдардын жеңүүчүсүмүн, лауреатымын.

- Саке, баш-аягы канча шакиртиңиз бар?

- Баш-аягы шакиттерим 30дан ашып кетти. Залкар комузчу Болуш акебиз (Мадазимов) бизге баш-көз болуп жүргөн эле, а киши да өтүп кетти. Ош, Жалалабат, кала берсе Кыргызстандагы сакалдуу комузчудан жалгыз менмин. Мен дагы айтып коёюн наам бергиле дегенден алысмын. Наамын бербесе да, пенсия жагынан жардам берсе жакшы болоор эле. Азыр ден-соолугум жакшы. балдарды тарбиялап жатам. Устаттан шакирт өтөт дегендей мен шакирттерим менен сыймыктанам. Алар жеңишке жетишип жатат. Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевдин «иштегендерге беребиз» деген сөзү бар. Иштеп эле атам. Токмокто окуп жүргөндөн бүгүнкү күнгө чейин комузчулар ансамблин уюштуруп, жаштар менен иштеп келе жатам. Ош университетине комуз классын биринчи жолу ачтым. Менден 26 улуттун балдары, кыздары комуз үйрөнүштү. Былтыр жыйырма жетинчиси болуп америкалык Рейчен деген кызга комуз үйрөттүм. Ал үч айдын ичинде жети күү үйрөнүп кетти. Өзү бир жарым миң сомго атайын комуз сатып алыптыр. Ал комуз күүлөрүнө аябай кызыгат экен. Кептин ачыгын айтсам мен наамга кызыкпайм. Эл деген калыс тараза менин эмгегимди эл билсе болду.

- Ачык айтып ак дилден баардашканыңызга чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG