Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин статс- катчысы Анвар Рыскулов менен аталган агенттиктин башчысынын орун басары Нарынбек Касымов Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү Рональд Кларк менен жолугушту. Анда мамлекеттик башкаруунун актуалдуу маселелери талкууланып, Рональд Кларк Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу тармагындагы ачык-айкындуулукту сактоого, башкаруунун сапатын жана натыйжалуулугун көтөрүүгө колдоо көрсөтүүсү улантылаарын айткан. (EBM)