Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

12:35 Ошто “Хизб-ут-Тахрирчилер” күч алууда

Ош облустук ИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбековдун кабарлаганы боюнча милициянын каттоосунда 652 киши, анын ичинен 18 аял диний экстремизмге тиешеси бар адам катары катталган. Тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” партиясы эң көп Карасуу районунда –242 киши, Ноокат районунда –171, Өзгөн районунда –140, Араван районунда –75, Каракулжада –11, Алайда –8 жана Чоңалай районунда –5 киши катталган.
ИИБ тарабынан атайын жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында “Хизб-ут-Тахрир” партиясына тиешелүү, экстремисттик маанайдагы адабияттар, компакт-дисктер жана баракчалар тартылып алынган.
XS
SM
MD
LG