Административдик-территориялдык түзүлүштөрдү кыскартуу тууралуу президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында өкмөт башчы атайын жардыкка кол койду. Ага ылайык экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги каржы министрлиги менен бирдикте 1-сентябрга чейин мамлекеттик ишканаларды жоюу тууралуу токтом долбоорун даярдоого тийиш. Мындан тышкары алар жоюлуучу ишканаларга текшерүү жүргүзүп, мамлекеттик органдар жайгашып келген имараттарды, кызматтык автоунааларды жана башка каражаттарды андан ары иштетүү боюнча атайын комиссия түзмөкчү.
Губернаторлорго 15-августка чейин облустук мамлекеттик администрациянын түзүлүшүн жана кызматкерлердин штаттык өлчөмүн көрсөтүү иши тапшырылды.
КР мыйзамдарына ылайык ишсиз калган кызматкерлерди жумушка орноштуруу жана ошондой эле алардын башка тармактарда иштөөсүнө мүмкүнүлүк түзүү үчүн кайра окутуу иштерин жүргүзүү жагы да каралмакчы.