ЫСЫККӨЛ. Июль айынын ортосунан бери Ысыккөлдө ушинтип мезгил-мезгили менен нөшөрлөп жааган жамгырдан эсалуучулардын саны кескин кыскарганы белгилеген “Акбермет” эсалуу жайынын башчысы Акжолтой Насирдинов өткөн жылдын ушул маалынан туристтер аз экенин маалымдады. Ал эми эс алуу жайлардын ассоциациясынын директору Таалай Ороковдун айтуусунда каттоого алынган 151 эс алуу жайдын 131 иштеп атат, калган 20сы курулуш ишин бүтпөгөнү жана кир сууларды тазалоо системасы талапка жооп бербегени үчүн кармалып турат. Ысыккөлдө учурда бир күндө 22 миң туристти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар. Академик Азат Коңурбаевдин маалыматы боюнча, суунун жылуулугу 20-21 градусту көрсөтүп, өткөн жылдагыдан жээктеги толкун сейрек кездешип атат. (RB)