ЖАЛАЛАБАТ. Жыйындын өткөрүлүшүнө адам укугун коргоочулардын Базаркоргон районунда адам өлтүрдү деп шектелген Жаркынай Мамажанова менен Кусан Режаповдун тагдырына тынчсындануусу себеп болгон. Райондук сот 27-июлда аларды камактан бошотуу жана кылмыш ишине байланыштуу ишти кайра тергөөгө жиберүү тууралуу токтом кабыл алган. Анткени айыпталуучулар өлтүрдү деген Майрам Заирова аттуу аял сот залына келип, өзүн тирүү экенин тастыктап берген. Айыпталуучулар адам укугун коргоочуларга тергөө ишин зордук-зомбулук жана коркутуп-үркүтүү менен коштолгондуктан жасалбаган күнөөнү мойнуна алууга аргасыз болгондуктарын билдиришкен. (YA)