Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде “Кийиз дүйнөсүндөгү оюмдар” аттуу көргөзмө өттү. Анда кой жүнүнөн жасалган ала кийиз, шырдак сыяктуу буюмдар, улуттук кийимдер, белек бечкек буюмдары коюлду. Бул көргөзмө “Кийиз боюнча төртүнчү эл аралык симпозиумдун” алкагында өтүп, ага карата Австралия, Германия, Великобритания жана башка бир катар өлкөлөрдөн чеберлер келишти.

Алар Кыргызстандын айрым аймактарындагы чеберлердин өнөрканасында болушуп, биргелешип иштеп, тажрыйба алмашышты. Бул иш-чара менен катар 26-июлда Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн “Оймо-2007”эл аралык фестивалы ачылды. Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген кол өнөрчүлөрдүн катышуусунда өтүп жаткан бул маданий иш-чара 27-июлда Ысыккөлдүн Тамчы айылында уланды. Фестивалдын алкагында чеберлер жараткан буюмдардын көргөзмөсү ачылды. 1-августта жыйынтыктала турган иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле фольклордук, эстрадалык концерттер тартууланып, устаттык сабактар жана Европадан келген эксперттердин катышуусунда Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүккө арналган тегерек стөл өткөрүлөт.


Коомчулукка негизделген Кыргыз Туризм Ассоциациасы бул жумада Нарын облусунун Сарала-Саз жайлоосунда “Кыргыз улуттук оюндарынын фестивалын” өткөрдү. Кыргыз-элинин улуттук каада-салт, үрп-адаттарын даңазалап, жайылтуу жана Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү максатын көздөгөн бул фестивалдын жүрүшүндө оодарыш, тыйын эңмей, балбан күрөш, кыз-куумай, улак-тартыш жана башка ушул сыяктуу оюндар ойнолуп, кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдардын көргөзмөсү ачылды. Бул маданий иш-чара менен катар эле аталган ассоциация Ысык-Көлдүн Көкжайык жайлоосунда “Улуттук ашкананын жана кырыз фольклорунун фестивалын” өткөрдү. Уюштуруучулрдын айтымында фестивалга жергиликтүү элдер менен бирге эс алууга келген туристтер күбө болушат.
-Жыйынтыктыгында көпчүлүк туристтер фестивалдын уюштурулушуна карата түрдүү сын-пикирлерин билдиришет. Андыктан кийинки иш-чараларда алардын суроо-талаптарын сөзсүз эске алабыз,- дешет уюштуруучулар.


Бишкектеги №7 балдар музыкалык мектебинин алдында түзүлгөн “Жетиген” фольклордун ансамбли Болгарияда өткөн “Европалык жаштардын фольклор фестивалына” катышып, баш байгени жеңип келди. Ага Польша, Хорватия, Израил, Румыния, Сербия жана башка бир катар өлкөлөрдүн чыгармачыл жаматтары келишкен. Ал эми Кыргызстандан барган “Жетиген” тобу комуз, темир комуз, чоор, чопо таяк, добулбас сыяктуу аспаптардын коштоосунда жарым сааттык концерт беришкен.

- Жыйынтыгында калыстар тобу салттык улуттук аспаптарды, музыканы сактап, өркүндөткөнүн жогору баалап баш байгени ыйгарышты- дейт топту түзгөн №7 балдар музыкалык мектебинин жетекчиси Айзада Маматаипова.

Мындан тышкары фестивалды уюштуруучулар ансамблдин көркөм жетекчилерине маестро академик деген наам ыйгарып, келерки жылы да өтө турган фестивалга жолдомо беришкен. Кыргыз өнөрпоздору концерттик программасын фестивалдан тышкары Болгарияннын бир катар шаарларында көрсөтүшкөн. Ошондой эле болгар элинин бир ансамбли менен жолугушуу кечесин уюштурушуп, бири-бирине өнөрлөрүн тартуулашкан. “Жетиген” фольклордун ансамбли буга чейин да бир катар өлкөлөрдө болушуп, өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Ал эми сентябрь айында Москвада өтүүчү фольклордук фестивалга сапар алышат.

Улуттук киноконцерндин президенти Замир Эралиевдин маалымат жыйынында билдиргенине караганда белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин “Сынган кылыч”, Замир Эралиевдин “Курманбек”, Бакыт Карагуловдун “Бүкүрдү кантип үйлөнтөбүз?” жана башка тогуз толук метраждуу тасма, беш кыска метраждуу фильм, эки даректүү тасма, үч мультипликациялык фильм тартуу пландаштырылууда. Аны үчүн жалпысынан 400 млн. сомго жакын каражат жумшалары көрсөтүлгөн.
XS
SM
MD
LG