Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:30

12:00 Т.Үмөталиева: “Манас ордодогу” казуулар уруксаты жок жүрүп жатат


Учурда Таластагы “Манас ордо” комплексинде жүрүп жаткан казууларды токтотуу аракети менен “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар” Ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева Таласта жүрөт. Укук коргоочунун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, казууларды жүргүзүп жаткан грузин археологдор тарыхый баалуулукка ээ болгон таштагы жазууларды талкалап салышкан.

- Биз бул археологдордун документтерин текшерип чыктык, алардын казууларды жүргүзүүгө эч кандай уруксаты да, лицензиясы да жок экен. Болгону мамлекеттик катчы А.Мадумаровдун казууларды жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун текшергиле деген каты бар экен. Жазуулар бар таштардын талкаланышы менен Кыргызстандын тарыхына абдан чоң зыян келтирилди,- дейт Т.Үмөталиева.

Учурда укук коргоочу Талас облусунун прокурору менен жолугушуп, казууларды токтотуу аракетин көрүүдө. Ал эми Талас облусунун губернатору Байымбет Мураталиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, “Манас ордодо” казууларды грузин гана эмес,кыргыз археологдору да жүргүзүп жатат. Губернатор казуу иштери тиешелүү документтердин негизинде, мыйзам чегинде жүрүп жаткандыгын белгиледи. (MSu)

XS
SM
MD
LG