Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

КЫРГЫЗСТАН: ЧЕТ ЭЛДИК МИГРАНТТАРДЫН АЛ-АБАЛЫ ТАЛКУУЛАНДЫ


Кыргыз диаспораларынын VI эл аралык жыйынында АКШ, Түркия, Казакстан жана Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү чет жакта жашаган кыргызстандык мигранттардын абалын, алардын укуктарын жана мыйзамдуу жүрүүсүнө жеңилдетилген шарттарды түзүү, экономикалык жеңилдиктерди берүү сыяктуу маселелерди талкуулашты. Ал эми кош жарандуулук маселеси - жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болду.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы Орусияда жана Казакстанда эмгектенген мигранттар Кыргызстанга 862млн. доллар өлчөмүндөгү каражатты которушкан. Бул катталган каражаттын гана өлчөмү. Орусиянын Кыргызстандагы элчиси В. Власовдун айтымында, бейрасмый маалыматтарга таянсак, эмгек мигранттары тарабынан которулуп жаткан каражаттын өлчөмү 1,5 млрд. чейин жетет. Анткени бардык каражаттар Кыргызстанга банктар аркылуу эмес, туугандары, тааныштары аркылуу жиберилип жатат, деди В.Власов.

XS
SM
MD
LG