Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

15:32 Улуттук филармониянын ачылыш аземи болду


ШКУнун саммитине карата Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда кайра оңдоо иштери аяктап, кечээ 28-июлда филармониянын бет ачаар аземи болду. Салтанатка мамлекеттик катчы А. Мадумаров, маданият жана маалымат министри С. Раев жана бардык облустардан келген маданият ишмерлери катышты. Филармонияны оңдоого мамлекет баш аягы 43 миллион сом бөлүп берген. Ал каражатка сахнанын тактасы жаңыртылып, ага төшөлчү жабдуулар, жарык берүүчү лампалар алмаштырылды. Гримденүүчү бөлмөлөр, залдардагы олтургучтар толугу менен жаңыртылды. Ал эми үн аппаратуралар Италиядан жана Германиядан алынып келинген. Мамлекеттик катчы мындан ары филармонияда мамлекеттик деңгээлдеги жана классикалык үлгүдөгү гана концерттер уюштуруларын айткан. Фонограмма менен коштолгон шоу концерттерди өткөрүүгө тыюу салынган.(MSu)

XS
SM
MD
LG