Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:44

Ирак алгачкы жолу Азиянын кубогун жеңип алды


Жакарта. Бүгүн Ирактын футбол тобу өз тарыхында алгачкы ирет Азиянын кубогун жеңип алды. Индонезиянын борбор шаары Жакартада өткөрүлгөн финалдык мелдеште ирактык оюнчулар Сауд Арабстандан келген атаандаштарын 1:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми Ирактын ордо шаары Багдадда бул матчтын алдында унаалардын эркин жүрүшүнө чектөө киргизилди. 25-июлда ирактыктар Түштүк Кореянын курамасын жеңип, финалдык таймаш үчүн жолдомо алган чакта, Багдад көчөлөрүнө бул окуяны белгилөө үчүн чыккан футбол күйөрмандарына террордук чабуул жасалган болчу. Жан кечтилер жардырган бомбалардын айынан 50дөй киши өмүрүнөн ажыраган.

XS
SM
MD
LG