Аталган райондун Маевка айыл өкмөтүндөгү Лесхоз айылынын тургундары өткөн жумада үч күн катары менен өкмөт үйүнүн алдына нааразылыкка чыгышкан. Алар ушул айдын башында төрт гектардай жерди басып алышып, жер участокторун бөлүп берүү талабын коюшкан эле. Бирок маселе жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечилген эмес. Жер басып алгандар маселе мыйзам жолу менен чечилбесе ШКУ саммитинен соң нааразылык чаралары кайра уланаарын эскертүүдө.(SM)