Оштогу Ноокат районунда катталган вич илдет дарыгерлердин айынан болгон деп кыргыз маалымат каражаттары жазып чыкканына байланыштуу бүгүн президенттин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов Башкы прокуратурага кат жолдоду. Анда бул окуянын күнөөкөрлөрүн аныктап аларды мыйзам чегинде жоопко тартуу өтүнүчү айтылат. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине да иштин чоо-жайын кылдат иликтеп, дарыгерлердин шалаакылыгына мындан ары жол бербөө үчүн чараларды көрүү табышталды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)