Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

12:42 Т. Үмөталиева: Кароол дөбөнү казып, тарыхый таштарды талкалагандарды жоопко тартуу керек


Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева бүгүн президентке кайрылуу жолдоду. Анда Кароол дөбөгө келтирилген чыгымдарды саноо боюнча мамлекеттик комиссия түзүп, көзөмөлгө алууну президенттен суранды. Улуттук макамы бар «Манас ордо» талкалоого тушукту деп эсептеген укук коргоочу парламенттик комиссия түзүлүшүн, кылмыш козголушун талап кылып жатат. Токтайым Үмөталиева «Амина Мунди» деген жалган академияга жамынып келген адамдардын жоопкерчилигин карап, дүйнөлүк окумуштуулардын көңүлүн буруу зарыл деп эсептейт. Анын болжолунда маданий жайды казуу мамлекетке көп миллион сом чыгым алып келди. Буга чейин Кароол дөбөнү тарых илимдеринин доктору Рони Гогисванидзе баштаган топ чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткандыгы кабарланган. Облустук бийликтин акыркы маалыматына караганда, казуу иштери убактылуу токтотулду. (BuS)

XS
SM
MD
LG