Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

15:34 Илимдер академиясы: Кароол дөбөдөгү казуулар илимий негизделген эмес


Мындай бүтүмдү Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун директору Жеңиш Жунушалиев мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун дарегине жолдогон катында келтирген. Ал эми маданият министри Султан Раев 19-июлда мамлекеттик катчыга жолдогон катында Дүйнөлүк рухий академиянын академиги Рони Гогисванидзенин сунушун реалдуу эмес деп баалап, акыркы чечимди кабыл алуу укугун «Манаc ордо» комплексине жүктөгөн. Рони Гогисванидзе 40 чарчы метр жерди курчап, 6 чарчы метр жерден 16 метр тереңдикте, Кароол дөбөнүн арт жагынан (стадион тараптан) казууну сунуштаган. Бардык чыгымдар үчүн «Манас ордого» 400 миң сом которууну убада кылган. Укук коргоочулар июнь айынын этегинде башталган бул казууларды мамлекеттин байлыгына олуттуу зыян келтирди деп кескин сынга алышууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG