Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Россиялык «Кредо» уюму менен «Манас Ордо» комплексинин макулдашуусуна ылайык иштеп жаткан археологиялык чалгындоо убактылуу токтотулду. Буга казуулардын белгисиз имараттын дубалына жеткендиги себеп болду. Маданият министрлиги менен Илимдер Академиясынын бүтүмдөрүнө ылайык археологиялык буюмдар табылары менен чалгындоо иштери токтотулуп, улуттук комиссия түзүлүшү керек. Президенттин кеңешчисинин айтымында, табылган дубал 3200 жыл мурунку имараттын дубалы болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Мындан тышкары алтын казына табылары тууралуу да болжолдор айтылууда. Бирок, бул иш жүзүндө далилдене элек. Жарандык лидерлердин тобу болсо бул казуулар Кыргызстандын маданий байлыгын бүлүндүрдү деп, аны кылмыш катары баалоодо. (BuS)