Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

ОРУСИЯДА ПРАВОСЛАВ МАДАНИЯТЫ ОКУТУЛА БАШТАЙТ


Кыргызстанда эбактан эле адеп-ахлак сабагы окутулуп келатат, бирок ислам динин окутуу маселеси азырынча көтөрүлө элек. Ал эми Орусияда ушул күздөн тартып, биринчи класстан баштап православиянын негиздери окутула турган болууда. Байкоочулар көп улуттардын жана көп диндердин өлкөсүндө бул славян чиркөөсүнүн күч алышынын далили экендигин белгилешүүдө.

Орусияда мектеп окуучулары азыр жайкы эс алууда, бирок бир айдан кийин мектепке кайтып келгенде, алардын айрымдарын жаңы сабак- "Православ маданиятынын негиздери" күтүп турат.

Киров областынын 6 жаштагы тургуну Люда буга даяр: -Мен кудай жөнүндө билгим келет, бул мага кызыктуу, - дейт ал.

Ал эми 17 жаштагы Лера тескерисинче дин сабагы башка сабактардан гана алагды кылат деп эсептейт.

Бирок дин талашы мектеп менен гана чектелген жок. Өткөн аптада Орусиянын Илимдер академиясынын улук мүчөлөрү президент Владимир Путинге Православ чиркөөсүнүн таасири астында мамлекет менен чиркөө жакындашып бараткандыгына тынчсыздануу айтылган кат жолдошту. Саналуу гана гезиттерде жарык көргөн катта "коомдо чиркөө кызматкерлеринин таасири өсүп, чиркөө коомдук турмуштун бардык катмарларына сүңгүп кирип баратканына" нааразылык айтылат. Катка кол койгондордун арасында Нобель сыйлыгынын эки лауреаты, физиктер Виталий Гинзбург менен Жорес Алферов да болду. Гинзбург Азаттыкка мектепте православ маданиятын окутуу окуучулардын билим алуусуна терс таарисин тийгизип, башка диндерди кармангандарды, ошол эле Орусиядагы 20 миллион мусулманды нааразы кылаарын мындайча белгиледи:

- 15-16 жаштагы балага диндин тарыхын окутса болот. Бирок башталгыч мектепте анын кандай зарылчылыгы бар? Орусия көп улуттардын, көп диндердин мекени. Бирок алар мисалы мусулмандардын адеп-ахлактарынын негизин киргизген жок, аларды православия гана кызыктырат. Балким мектепте окуучулардын 10-20 пайызы татар балдардыр. Алар да православ маданиятын окушу керекпи?

Бир канча окумуштуулар православ динин гана эмес, башка диндерди да окуткан альтернативалык курс киргизүүнү сунуш этишүүдө. Ал эми православ сабактарынын жактоочулары улан-кыздарга бул диндин доктринасы эмес, православиянын тарыхы менен маданияты окутулат деп айтышууда.

Бул сабактын киргизилишин сындагандар жакында орус Православ чиркөөсүнүн башчысы Патриарх Алексий Экинчинин мектептерде Дарвиндин эволюция теориясын окутууга каршы чыкканын эскертишүүдө. Өткөн жумадагы катта ошондой эле президент Владимир Путиндин православ чиркөөсүн ачык эле колдоп жаткандыгын сынга алынып, Орусияда бүгүн чиркөө кызматкерлери куралдуу күчтөрдө иш алып барып, жаңы кемелерди, суу астында сүзүүчү кайыктарды жана имараттарды чокундурушаары белгиленет.

"Бир сөз менен айтканда, чиркөө мамлекеттик функцияларды өзүнө алып, коомдун өнүгүшүнө багыт бергиси келет" деп айтылат 23-июлда жарык көргөн катта.

Радикалдуу православ кыймылынын мүчөлөрү Гинзбургду православдардын аброюна шек келтирди деп Москва прокуратурасына арыз менен кайрылышты.

Бирок Гинзбург менен макул болгондор православдардын арасында да жок эмес. Алардын бири, чиркөө кызматкери Яков Кротов мектепте дүйнөлүк маданияттар жана цивилизяциялар деген сабактын алкагында динди окутууну колдогону менен, мектеп окуучулары, айрыкча башталгыч класстагылар бул сабакты тескери кабыл алышы мүмкүн экендигин эскертти:

- Башталгыч мектептерде бул предметти аз-аздап гана окутуш керек. Болбосо балдардын көңүлдөрү айнып, тескери жыйынтыкка алып келиши мүмкүн.

Ал эми Кировдук тарыхчы Владимир Сталин сыяктуу революционерлер падышачыл Орусияда милдеттүү түрдө Православ динин окугандыгын, бул сабакты милдеттендирүү бүгүн да революционерлердин жаңы муунун жаратышы мүмкүн экендигин белгиледи.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG