Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 27-июлда Аксы районунда жумушчу сапар менен болуп кайтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, сапарынын жүрүшүндө өкмөт башчы Каражыгач айыл өкмөтүндөгү Чарба, Карасуу айыл өкмөтүндөгү Жүзүмкан жана Кызылтуу айыл өкмөтүндөгү Жолсай сыяктуу кыя-селден жабыркаган участкаларды барып көрдү. А. Атамбаев ошондой эле чек ара, жол курулушу, сугат проблемалары менен жеринде таанышты.