Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

ОРУСИЯЛЫК БИЙЛИК ОППОЗИЦИЯДАГЫ АКТИВИСТТИ АКЫЛ-ЭСИН ДАРЫЛООЧУ ООРУКАНАГА КАМАТТЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Мурманскиде акыл-эсин дарылоо ооруканасына күчкө салып жаткырылган Бириккен атуулдар фронтунун активисти Лариса Арап кечээ ачарчылык жарыялады. Оппозиция баамында бул жерде областтык бийлик Ларисанын «Макул эместер» гезитине бастырган макаласы үчүн кек куу болуп атат. «Жиндикана» аталыштагы ал макалада областтык акыл-эсти дарылоо ооруканасындагы балдарды элетрошок менен кыйноо кеп болгон.

Машине айдоо курсун бүтүрүш үчүн Лариса Арап шаардагы Североморск поликлиникасына справка сурап кайрылган. Доктурлар аны таанып, милиция чакыртып кармап, №3 апатиттик акыл-эс дарылоочу клиникага өткөрүп беришкен. Кызык жери, «Жиндикана» макаланы жазган сен эмессиңби? деп сурап, билип туруп анан кармашкан.

Ошондон бери облустук ооруканадан бүтүм ала албай келе жатканын ал жердик Бирдиктүү атуулдар фронтунун жетекчиси Елена Васильева айткан.

«Федералдык мыйзамдын 29-беренесине ылайык, эгерде киши чын эле акыл-эси ордунда болбосо анда сот чечимине ылайык аны күчкө салып айыктыруу мүмкүн, бирок «Макул эместер» басылмасына макала жазган Ларисаны эч кандай сот өкүмү жок кармашкан».

Бирдиктүү атуулдар фронтунун лидери Гарри Каспаров: «азыркы режимдин кысымына дуушар болгон жолдошубузду коргоп Страсбургдагы сотко дейре кайрылабыз» - деген.

Кесиби боюнча врач психиатр Софья Даринская адам укугун коргоо боюнча күбөдөр болгон сот иштеринде, айрыкча мүлк талашууда колдонулуп жүргөн ык ушул экенин эскерерт. Мындай жазалоо колдонулганда ар бир жарандын алсыз экенин белгилейт. Эмне дегенде сот бүтүндөй психиатр чыгарган чечимди чын көрөт дейт.

«Психиатр айтканга сот ак деп ишенeт. Натыйжада психиатрия баркы сот системасынын үстүнөн караган абалга жеткен», - дейт.

Софья Даринская мунун себебин сот системасы сыңары психиатрия системасынын да советтик кездеги бойдон калуусунан дейт. «Ошол кездеги эле врачтар, ошол кездеги эле Сербдик институту эмдигиче баа берип, бүтүм чыгарып атат», - дейт «Азаттыкка» берген маегинде.

Кез-кези анын саясий шааниге ээ экенин жашырбайт. Ошол себептен улам адам укугун коргоочулар арасынан Рыбинск калаасынын акыл-эс дарылоо ооруканасында жатып чыккан Андрей Новиков, Краснодардагы акыл-эс дарылоо ооруканада жети жылча кармалган Евгений Новожилов, бул күндөрү Маскөө алдындагы Дмитровка шаарчадан сот өкүмү менен кутулуп чыккан «Атуулдук укук үчүн» комитетинин мүчөсү Марина Трутькону айтса болот дейт.

Оппозицияга карата кремлдик күчтөрдүн көрсөтө баштаган кысымды диссидент Владимир Буковский: «Орусияда психиатриялык жазалоонун пайда болушу советтик режимдин кайтып келатканын билдирет», - деген.

XS
SM
MD
LG