Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:20

ЕВРОПА БИРИМДИГИ ЖАКЫНДА МИНСК ШААРЫНДА ӨЗ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮН АЧАТ


Нарын АЙЫП, Прага Жакында Беларуста бир нече оппозициялык саясатчы камакка алынды жана Батыш мамлекеттери аны сынга алды. Анткен менен, Европа Биримдигинин жетекчилигинин айтымында, Беларус менен кызматташуусун Брюссел улантат жана жакын арада Минскиде өз кеңсесин дагы ачат.

Беларус өз суверендүүлүгүн 1990-жылдын 27-июлунда жарыялаган, бирок азыркы өкмөт аны майрам катары тааныбайт жана белгилебейт. Айрым оппозициялык уюмдар аны менен байланыштуу митинг өткөрөлү дегенде болсо, алардын жетекчилери Анатолий Лебедько менен Виктор Ивашкевичти милиция 27-июлда кармап, бир нече сааттан кийин гана бошоткон. Бардыгы болуп элүүгө жакын адам кармалган, ал эми майрамдын алдында жаштар уюмунун жетекчилери Павел Северинец менен Алексей Шейн дагы камалган.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенито Ферреро-Валднер дароо аны сынга алган жана анын жардамчысы Кристиане Хохман билдиргенге караганда, Биримдик менен мамиле түзүп, андан жардам алууга аракеттенген Минсктин мындай аракеттери өтө тынсыздандырат: "Саясий себептен жасалган мындай камакка алуулар - Европа Биримдиги менен Бeларус ортосунда өтүп жаткан сүйлөшүүнүн максатына каршы келет. Биримдиктин кошуна мамлекеттер менен болгон кызматташуу программасына Минск мурда толук ченемде кошулуу ниетин билдирген", - дейт Хохман.

Ал программа боюнча Биримдикке кирбеген, бирок анын чек арасында жайгашкан 17 мамлекет менен кызматташуу үчүн келерки алты жылдын ичинде 12 миллиард евро каражат сарпталууга тийиш жана Минсктин ага кызыкканы түшүнүктүү.

Үстүбүздөгү жылдын башында Беларуска сатылган жаратылыш газдын баасын Орусия эки эсеге көбөйткөн жана аны көтөрө албаган Минск төлөмдүн мөөнөтүн кийинкиге калтырууну сураган. Ал мөөнөт 23-июлда аяктады, Минск азыр Маскөөгө газ үчүн 500 миллион доллар карыз жана мындан ары ар бир миң куб метр газ үчүн былтыркыдагыдай 46 эмес, 100 доллардан төлөш керек.

Абалдан чыгыш үчүн үстүбүздөгү жылдын февралында Беларус өкмөтү Орусияга кайрылып, бир жарым миллиард доллар насыя сураган. Маскөөдөн жооп болбогондуктан, өлкө жетекчилиги Европа Биримдигине жана Кытайга дагы ошондой эле сураныч менен кайрылган, бирок сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктады.

Орусиянын каржы министри Алексей Кудрин 27-июлда билдиргенге караганда болсо, Беларуска андай насыя берүүгө Маскөө жалпысынан макул болууда жана азыр анын шарттарын караштырып жатат. Мындай ири карыз алуу менен Минск Маскөөгө мурдагыдан дагы катуу байланат, анткени жылдын башында түзүлгөн атайын келишим боюнча, Беларустун аймагы аркылуу өткөн газ куурларын тейлеген ишкананын 50 пайыз акциялары дагы 2010-жылга чейин Орусияга сатылууга тийиш. Бардыгы болуп Маскөө ал үчүн эки жарым миллиард доллар төлөйт жана анын 625 миллионун Орусия июндун башында которду.

Мындай абалда Европа Биримдиги дагы Беларус менен болгон мамиленин баарын үзүп салбастан, аны менен кызматташууга аракеттенүүдө: "Биздин оюбузча, саясий маселелерге карабастан, Минск менен Биримдик ортосунда жазында башталган диалог улантылууга тийиш. Өлкөдө канча маселе болсо дагы, биздин оюбузча, Минскиде Биримдиктин өкүлчүлүгү болууга тийиш жана Беларус биздин туруктуу шергибиз", - дейт Хохман.

Адам укуктарынын бузулушу жана демократиялык реформалардын аздыгы үчүн Беларусту такай сынга алып келген Европа Биримдиги жакында Минскиде өз өкүлчүлүгүн ачат.

XS
SM
MD
LG