Учурда массалык маалымат каражатары кыйгап өталбай турган дагы бир ызы-чуулуу темалардын бири Таластын Манас Ордосундагы Кароол Чокуну казуу ишине байланыштуу болууда. Окурмандардын эсине сала кетели, кыргыз эпосу болгон «Манас» үчилтигинде баатырдын душмандарга абай салып турган жери мына ушул Кароол Чоку болгон деп баяндалат. Манаска байланышкан бардык жер-суу аттары элдин аң-сезиминде кол тийгис кымбат, аялуу ыйык баалуулук катары сакталып келет. Бирок Кароол Чокуда катылган казына бар экендиги тууралуу эпосто эч кандай маалымат айтылган эмес…
Буга чейин эле өлкөнүн айтылуу маданий ишмерлери Кароол Чокуну казууга байланыштуу окуяга өздөрүнүн терс пикирлерин билдирген болучу деп белгилеген «МСН» гезити, негизги көңүл кыргыз элинин аң-сезиминде ыйык мурас катары сакталып келаткан ыйык чокунун бир заматта минтип талакалана баштаганында болуп жатканын, алтургай жаштардын «Жебе» аттуу саясый кыймылы Манас ордодогу мындай вандализм токтобосо Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн Бишкекте өтүүчү саммит учурунда нааразылык акциясына чыгарын билдиргенин, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева менен Бүргө Баатыр фондунун мүчөсү Уран Бешеналиевдин байкоолору боюнча кенч издегичтер Кароол Чокуну 20 метрге дейре үңүп барып, петроглифтер жазылган таш тактага жетип, аны ташталкалагыч балка менен талкалап салганга үлгүрүшкөнүн, так ушул иштердин башында президенттик админстрациянын коомчулук менен байланыш боюнча башчысы Чолпонбек Абыкеев турарын, ал Ватикан тарыхындагы жылан жөнүндө баяндаган «Бриллиант жыландар» китебиндеги кенчти ушинтип Кароол Чокудан издетип жатканын, эгер Абыкеев өз ой-жорумундагы нерселерди ушундай жол менен издеткиси келсе анда адегенде ал психиатрдык жактан күбөлөндүрмөдөн өтүп келиши керек деп эсептээрин айткан. Укук коргоочунун оюнча Кароол Чокуну казып жаткандар «Анима мунди» деп аталган Дүйнөлүк диний Академиядан. Баары аферисттер.
Ушул эле темага кайрылган «Кыргыз туусу» гезити таластык журналист Козубек Иманкуловдун «Табылалек казынанын тегерегиндеги маселе курчуй баштады» деген макаласына орун берди. Бу тапта казуу ишинин биринчи бөлүгү бүтүп, пирамида ичиндеги туннелге бир жарым, эки метр калган. Эми тиешелүү акт түзүлүп, мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилет. Баса, казуу долбоорунун башчысы, тарыхчы Рони Гогисванидзенин айтымында пирамиданын ичинде сансыз көп жыландар болушу мүмкүн, алар дубанын күчү менен жер оошуп, башка жакка көчүрүлөт…
«Комсомольская правда Кыргызстан» гезити 2003-жылдагы «Дүйнө туризминин чүрөгү» Алина Сирогарио айымдын Ысык-Көлдө болуп кайтканын, кыргыз көлүнө суктанган сулуу, эгер дүйнө сулууларынын кароо-сынагын өткөрүүнүн бардык тобокелин мойнуна алууга даяр болсо эмне үчүн 2008-жылы Кыргызстанда Жер шарынын 80 өлкөсүнөн келген сулуулардын сынагын өткөрүүгө болбосун деп айтканын жазып чыкты.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ